Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 23.01.2019 13:06 На русском

Өзгөндө жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 630-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Куршаб айылында 35 жаштагы адамды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя 21-январда саат 20:30 чамасында болгон.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Өзгөн районунун 1994-жылы туулган тургуну С.у Б.нын башкаруусундагы «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчү — ушул эле райондун 1981-жылы туулган тургуну У.А.ны сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын кесепетинен жаракат алган У.А. Куршаб аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча Ош облусунун аймагында «Курчоо» иш мерчеми киргизилип, качып кеткен айдоочуну кармоо үчүн көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында айдоочу Ош шаарынын аймагынан кармалды. Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×