Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 24.01.2019 13:14 На русском

Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине 70 жыл: Мааракеге карата кандай иш-чаралар өтөт?

Turmush -  Бүгүн, 24-январда Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына жана ЮНЕСКОнун курамына киргенинин 10 жылдыгына арналып музейдин аймагына 120 түп карагай отургузулду.

Аталган музейдин башкы директору Султан Абдырахмановдун айтымында, иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, музейдин кызматкерлери катышты.

«Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата карагай отургузуп жатабыз. 50 түп карагайды өзүбүздүн каражатыбыздын эсебинен алдык. Ал эми 70 түп карагайды Ош шаарынын тургуну белек катары берди», - деди ал.

Мааракеге карата февраль айынан баштап «70+10» аталыштагы өзгөчө көргөзмөлөр уюштурулат. Жыл аягына чейин 7 көргөзмө өткөрүлүп, ар биринде 80 экспонат көрүүчүлөргө, тарыхка кызыккандарга сунушталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×