Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуАраван району 24.01.2019 16:05

Интернетке тараган видеодон кийин Аравандагы оорукананын ашканасын текшеришти

Turmush -  Социалдык тармакка тараган видеодон кийин Араван райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн ашканасы текшерилди. Видеодо идиш жууган суу алмаштырылбай, идиштер кайра-кайра жуулуп жатканы тартылган.

Араван районунун тургуну Беккулу Карбек уулу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы чыгарган жыйынтыкка нааразы экенин билдирди.

«Аталган кызмат текшериптир, бирок ооруканага чара көрүлгөн жок. Райондогу ашканалар да такыр талапка жооп бербейт», - дейт Карбек уулу.

Ал эми травматология бөлүмүнүн башчысы Мамадияр Авазали уулу бөлүмдө бардык шарттар каралганын белгилеп, айыптоолор негизсиз экенин айтты.

«Биздин ашканада баары — кол жуучу жай, канализация, меш, муздаткыч бар. Ал видеодо термостогу чайды куюп коюшканы тартылган. СЭС келип эч кандай кемчилик тапкан жок», - деди бөлүм башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×