Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуАраван району 25.01.2019 16:02

Терактка шектелген Атабек Абдуллаевдин аялы Швециядан которулган акча тууралуу айтып берди

Turmush -  2018-жылдын 27-декабрында Швециянын прокуратурасы терактка шектелген үч адам кармалганын билдирген маалымат тараткан. Алардын арасында адамдарды өлтүрүү максатында ири өлчөмдөгү химиялык жана башка заттарды сактап жүргөн деген жүйөө менен терактка шектелип кармалган Кыргызстандын 39 жаштагы жараны Атабек Абдуллаев да бар. Ал Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Найман айылынын тургуну. Буга чейин Орусия мамлекетинде иштеп жүрүп, 2017-жылы Швецияга иштегени барган.

Учурда Атабек Абдуллаевдин иши сотто каралып жатат. Бул арада Швециянын прокуратурасы тарабынан анын юристине тергөө иштеринин жүрүшү, банктык эсебинен которулган акчалардын суммасы сыяктуу 3 миң беттен турган документтик кагазды көрүү мүмкүнчүлүгү берилген. Документте аялы Феруза Кадырова жана ата-энесине акча которулуп турганы көрсөтүлгөн.

Жубайы ал акчалар анын операциясына которулганын айтты.

«Биринчи турмушумдан эки балам бар. Колумдагы кызым 1 жаш 7 айлыгында, уулум 1 айлык боюмда барда жолдошумду өлтүрүп кетишкен. Балдарым Атабекти ата деп билишет. Үйлөнгөн соң Түркияга барып иштеп келгенбиз. Ал жактан келгенден кийин мен ооруп калдым. Операция жасатып, үй-жайды оңдоо үчүн каражат табууга кеткен. Щвециядан видео чалуу аркылуу байланышчубуз. Башкаларга акчаны эмне максатта жөнөткөнүн билбейм. Бирок мен 9 жолу операция болгом. Алгач барганда "телефон сатып ал" деп, кийинчерээк операциялар үчүн акча жөнөтүп турган. Эң көп 400 АКШ долларына чейин жөнөткөн. Щвецияда араң акча таап жүргөн», - дейт Феруза Кадырова.

Щвециянын прокуратурасы Атабек Абдуллаев 4 же 6 жылга соттолушу мүмкүн экенин маалымдаган.

---------------------------------------------------------------------------

Turmush басылмасынын кабарчылары Атабек Абдуллаевдин буга чейинки иш-аракеттерин, жүрүм-турумун коңшуларынан, айыл имамынан, ата-энесинен сурап келишкен.

Апасы Азиза Абдуллаева Швецияда эч кандай тааныштары же туугандары жок экенин айткан.

«Балам Атабектин Швецияга кеткенине 1 жыл эми болгон. Орусияда кара тизмеге кирип калып, акча каражатынан кыйналгандыктан иштеп келүү максатында эле кеткен болчу. Мен атайын медреседе жаш кыздар менен окуп, диплом алып, диний илимди балама мен бергем. Ташкенттен тарых факультетин бүтүрүп, Кыргызстанда тракторчу болуп да иштедим. Атабек беш кыздын арасындагы жалгыз уул. Мектепти жалаң жакшы бааларга бүтүрүп, жогорку окуу жайда 2-курста окуп жатканда келишимдик акысын төлөй албай таштап койгон», - деген ал.

Атабек Абуллаевдин апасы баласы күнүмдүк жүргөн жерин видео аркылуу көрсөтүп жүргөнүн айтып, эч кандай динге аша чаап басым жасабаганына токтолгон.

«Азыр балам жөн гана шектелүүдө. Жактоочусу “балаңыз менен байланышканда жөн гана ден соолугун, ал-абалын гана сураңыз” деп байланыштырды. Балам өтө ишенчээк, анан тамашакөй эле. Жүргөн жеринде сүрөткө түшүп социалдык тармактарга жүктөй берген экен. Эми өзүнө каршы иштетип жатышат. Балдары сөөмөйү менен асманды көргөзгөн сүрөттөр да бар дешиптир. Андай сүрөттөр баарында бар. Айыл имамына бир ирет “Табаарак” сүрөсүн туура окуңуз деп коюптур. Чынында балам диний билимге ээ. Бирок айылдаштарына чакырык таштап же мечиттегилерге кошулбай койгон эмес. Мүмкүн, муну сактап жүр же бир жерге алып барып бер десе жеткирип койгондур. Азырынча сотун гана күтүп жатабыз», - деген Абдуллаева.

Ал эми Атабек Абдуллаевдин кошунасы Убайдулла Өмүрбаев мечитке чогуу барып жүргөнүн, эч кандай динге чакыруу болбогонун айтат. Башка айылдаштары Атабектин тамашакөй, спортко жакын экендигин, тамеки тартып жаткандарды көрүп калса колунан алып, ыргытып саларын билдиришкен болчу.

Найман айылынын 4 жылдан берки имамы Жеңиш Маманов туура эмес агымдарга кирип кеткендерди байкоо кыйын экенин, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу гана байкоого болорун айтты.

«Атабек айылда аз жүргөндүктөн анын динге чакырык таштаганын бир да укпадым. Кээ бир учурда бири-бирибиз менен диндеги маселелерде талашып калганбыз, бирок андан шек саноо туура эмес. Биз милиция кызматкерлери менен чогуу иш алып барып турабыз. Алардын каттоосунда тургандар менен көбүрөөк иштешебиз. Үйдө өткөрүлгөн таалимдерге тыюу салынды», - деген Жеңиш Маманов.

Айыл башчы Сабыр Жунусалиев да буга чейинки жүрүм-турумунан кабары жок экенин, терактка шектелгенин эми укканын билдирди. Ош облустук ички иштер башкармылыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, Атабек Абдуллаев диний экстеремисттик уюмдун мүчөсү катары катталган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан, толук маалымат бере албай турганын айткан.

Буга чейин Араван районунан экстремисттик уюмдун мүчөсү катары 31 жаран шектүү катары каттоого алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×