Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусу, Озгон 28.01.2019 23:51 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндүк Элиер 300 миң сомго чейин бааланган төөлөрдү багат (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн шаарынын тургуну Элиер Курбаналиев Казакстандан сүт багытындагы төөлөрдү алып келип багууда. Ал 40 градус суукка, 50 градус ысыкка чыдамдуу болгон төөлөр Өзгөн шаарынын климатына да бат эле көнүп кеткенин айтат.

Учурда Элиер 4 тайлак жана 12 төө багып, анын сүтүн дарылыкка пайдаланууда. Ал буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде төөнү сарык оорусунан арылуу үчүн багып калганын айтып берген болчу.

Элиер Курбаналиевдин айтымында, төө көп чыгымды талап кылбайт. Малдан калган чөптү да жей берет. Негизинен тикендүү чөптөрдү жакшы жейт. Учурда алар үчүн Жалал-Абад облусундагы райондордон төө тикендерди алып келүүдө. Ал быйыл төөнүн ботосун улак тартыштын байгеси үчүн саткан. Мындан сырткары жакшы шарттарды түзүп, короосун кеңейткен.

«Төө башка жаныбарларга салыштырмалуу кымбат болот. Ар бирин 150 миң сомдон баштап 300 миң сомго чейин сатып алам. Төөнү баксаң чыгымга учурабайсың. Анткени сүтү да, жүнү да, заарасы дагы пайдалуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×