5 адамдын өлүмү: «Тойота» менен битум ташыган унаа кагышканда каза болгон Перизат 20 жашка толмок
Turmush - Оштогу Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы жол кырсыктын кесепетинен каза болгон 5 адамдын бири — Перизат 25-январда 20 жашка толмок. Бул күнү жакындары анын көрүстөнүнө 20 даана гүл коюп келишти.
Перизат Козубекова Ош шаарындагы лицейди 2017-жылы аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин англис тили факультетинде жогорку билим алып жаткан. Ошондой эле каратэ менен машыгып, комуз жана гитара чертчү. Анын артында ата-энеси жана агасы калды.
«Оор басырыктуу, токтоо мүнөз, жароокер Перизат келечекте англис тилчи мугалим болууну эңсеп, алдына чоң максаттарды койгон эле. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Ата-энесине, бир туугандарына сабыр тилейбиз», - дешти мугалимдери.
2019-жылдын 6-январында саат 08:16 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өрнөк айылында Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургуну А.З.нын башкаруусундагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, каршы багыттагы битум ташыган «МАН-26-464» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Экинчи унаа Сузак районунун 1986-жылы туулган тургуну Н.С.нын башкаруусунда болчу.
Окуянын кесепетинен «Тойота Эстима» унаасынын жүргүнчүлөрү — 2001-жылы туулган И.у.Т. жана 1990-жылы туулган Ш.М. окуя болгон жерде каза болгон. Алар кызыл-кыялыктар болушкан. Ал эми Бишкек шаарынын Ала-Арча конушунун 1999-жылы туулган тургуну К.П. ооруканада көз жумган.
Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.