Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуАраван району 28.01.2019 10:32

Бөрүлүү мезгил: Аравандагы мергенчилер 1 карышкыр, 3 чөөнү жок кылышты (видео)

Turmush -  Араван районунда мал-жандыкка кол салган 1 карышкыр жана 3 чөө атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Араван району боюнча аңчы адиси, түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, жырткыч жаныбарлар 23-24-январь күндөрү Кошчан жайлоосунан атылып өлтүрүлгөн. Буга чейин Араван районунун Кара-Булак айылынын эли карышкырлар жылкы, кой-эчкилерди жеп кеткенин айтып, жергиликтүү мергенчилерге кайрылган. Мергенчилерден топ түзүлүп, карышкырлардын изине түшүп, карышкыр жана чөө атып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×