Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуКара-Суу району 29.01.2019 17:00

Аким Тилек Матраимов: Кара-Суу районунда бардык тармактарда өнүгүү бар

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу району Кыргызстандагы эң чоң район болуп саналат. Ошого жараша райондо социалдык-экономикалык жаатта маселелер жаралбай койбойт.

Акыркы учурда аким Тилек Матраимовдун жетекчилиги менен райондун бардык тармактарында өнүгүү болуп жатканы байкалат. Мисалы, район боюнча таза суу маселеси 93 пайызга чечилип, спорт чөйрөсү, билим берүү тармагы потенциалдуу түрдө өнүгүүгө карай багыт алды. Район боюнча жалпы 128 мектеп болсо, анын ичинен 107 мекеме интернет байланышы менен жабдылган. Эми райондун аймактарындагы мектептер интернет аркылуу дүйнө менен байланыша алат.

Райондогу ушул жана башка жетишкендиктер, маселелер тууралуу аким Тилек Матраимов айтып берди.

Тилек Матраимов

«Президентибиз 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап, көңүлдү региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине бурду. Жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бар болгон сырьелук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган инвестициялык долбоорлор жер-жерлерде биринчи кезекте ишке ашырылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылууга багытталган бир катар эл аралык макулдашуулар демилге кылынды жана кол коюлду.

Соттук-укуктук органдар үчүн жаңы мыйзамдык негиздерди түзүү аяктады. 2018-жыл өлкөнү орто мөөнөттөгү келечекте өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп аныкталып, алдыбызга аткарууга милдеттер коюлган эле. 2018-жылда райондо экономиканын өсүү багытын камсыз кылуу, алдыбызга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн райондук мамлекеттик администрациясы, райондук мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен биргеликте бир топ иш аракеттер жүргүзүлдү. Натыйжада 2018-жылдын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бардык тармактар боюнча негизинен аткарылды», - деди аким.

Өнөр жай тармагы

Райондун өнөр жай тармагында алдыга жылуу потенциалы жогору.

«Райондо өнөр жай ишканалары тарабынан өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмү 2018-жылдын 12 айынын жыйынтыгында 1 млрд 396 млн сомго жетип, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 326 млн сомго көбөйүп, физикалык көлөмүнүн индекси 107,4 пайызды түздү. Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн өсүүсү райондун айыл аймактарында жайгашкан бардык чарба жүргүзүүчү субъекттеринин эсебинен камсыз болду.

Район боюнча 2018-жылдын 12 айында 19 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. Атап айтсак: Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы желимден эшик-терезе чыгаруучу “Мирзаев” ишканасы (сметалык баасы 250 миң сомдук), металлдан эшик-терезе чыгаруучу “Имзо КЖ” ишканасы (сметалык баасы 20 млн сом), кир жуучу машиналарды чыгаруучу “Артель Электроникс” ишканасы (сметалык баасы 85 млн сом), гипс клей чыгаруучу “Даана Ош” ишканасы (сметалык баасы 1 млн сом), Жоош айылдык аймагындагы пескоблок чыгаруучу “Абдилазиз уулу Абдумажит” ишканасы (сметалык баасы 500 миң сом), Кара-Суу шаарындагы полиэтилендүү пакет чыгаруучу “Мастер Пласт+” ишканасы (сметалык баасы 250 миң сом), “Бакир” химиялык уу дарыларды иштеп чыгаруучу ишканасы (сметалык баасы 500 миң сом), Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы “Исмаилов” тигүү цехи (3 млн сом), Сарай айыл аймагында мык жана сетка токуучу кичи цех (2 млн 720 миң сом), калпак тигүүчү цех (сметалык баасы 2 млн 540 миң сом), Папан айыл аймагындагы “Глобал Строй” шагыл кум чыгаруучу ишкана (11 млн сом), “Ашир” балык чарбасы (350 миң сом), Савай айыл аймагында жүгөрү (кукуруз) чыгаруучу "Эрмуратов" ишканасы (8 млн 500 миң сом), “Актан Акылай” ишканасы (3 млн 500 миң сом), Нариман айыл аймагында бал муздак чыгаруучу “Жети Баатыр” ишканасы (5 млн сом), Жаңы-Арык айыл аймагында травертин ташын кесип чыгаруучу “Умар Групп” ишканасы (70 млн сом), "Турагелдиева" ишканасы (4 млн сом), “Каухар Таш+” ишканасы (10 млн сом), Шарк айыл аймагындагы “Келечек” бетон плита чыгаруучу ишкана (8 млн 263 миң сом), Сары-Колот айыл аймагында май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү, май чыгаруучу ишкана (2 млн сом).

Жыйынтыктап айтканда район боюнча жалпы сметалык баасы 263 млн 373 миң сомду түзгөн өнөр жай ишканалары ачылып, иштеп жатышат. Алардын эсебинен 191 адам жумуш менен камсыз болуп, мамлекеттик бюджетке 1 млн 556 миң сомдук салык жана социалдык фондго 725 миң сомдук камсыздандыруу төлөмү төлөнгөн», - деп кошумчалады Т.Матраимов.

Айыл чарба тармагы

Ошондой эле райондо айыл чарба тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатат.

«Райондо азык-түлүккө болгон керектөөнү жетиштүү көлөмдө камсыздоо максатында айыл аймактарда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана талаа иштерин өз мөөнөтүндө сапаттуу аткаруу үчүн иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. Натыйжада 2018-жылда айыл чарбасынын дүң продукциясы 11 млрд 176 млн 254 миң сомго жетип, өсүү темпи 102 пайызды түздү. Муну менен продукция 2017-жылга салыштырмалуу 690 млн 254 миң сомго көп өндүрүлдү.

Райондо 7 мамлекеттик үрөн чарбалар бар. Аларга 2017-жылга карата 868 миң гектар жер аянты бекитилип берилген. Чарбалар тарабынан 2018-жылы үрөн өндүрүү боюнча коюлган пландар 100 пайызга аткарылган.

Алдыңкы технологияларды пайдалануу менен айыл аймактарда 144 субъектте 479 күнөскана уюштурулуп, ээлеген аянты 26,64 гектарды түздү. 2018-жылы райондо 8 субъект 1 гектар жер аянтына жаңы күнөскаларды куруп, ишке киргизишти.

Райондун айыл чарбасында тамчылатып сугаруу системасын 11 субъект 17 гектар жерге орноткон. Негизинен көп жылдык бак-дарактар отургузулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы колго алынган.

Өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо-6 ” долбоору жөнүндөгү токтомунун негизинде жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн мал чарбачылыгында жана айыл чарбасында кайра иштетүүчү секторду өркүндөтүү максатында дыйкан фермерлерге жеңилдетилген 10 пайыздык насыя райондун аймагындагы 6 банк аркылуу берилген. 2018-жылда район боюнча 332 субъект 107 млн 528 миң сом, ал эми лизинг жолу аркылуу 10 субъект 16 млн 630 миң сомго 8 трактор, 1 комбайн алган.

Ошондой эле Кашкар-Кыштак айыл аймагынын «Ак алтын» мамлекеттик үрөн чарбасынын базасында пахтанын үрөнүн тазалоочу 1 млн 100 миң сомдук кичи ишкана иштеп жатат. Райондо “Туран Групп” жоопкерчилиги чектелген коому мөмө-жемишти сактоочу логистикалык борбордун курулушун аяктап, жалпы сметалык баасы 59 млн 900 миң сом болду. Бул ишкананы 2019-жылдын жаз айларында ишке берүү пландалууда. Ишканада жаңыдан 35-40 жумуш орун түзүлөт.

2017-жылы 1251 баш уй жасалма жол менен уруктандырылып, 1083 баш торпок алынса, 2018-жылы 1509 баш уйдан 1161 торпок алынды. Жалпысынан райондогу жайыт комитеттеринин бюджети 2018-жылга карата 3 млн 735 миң сом суммасында кабыл алынса, жыйналганы 3 млн 915 миң сомду түзүп, план 105 пайызга аткарылган.

Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында бир топ жумуштар жасалып жатат. Райондун жайыт комитеттерине айыл аймактардын көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 114 млн 692 миң сомдон ашык гранттык каражат каралган. 2018-жылдын жыйынтыгы менен 91 млн 353 миң сому өздөштүрүлгөн же 80 пайызды түзөт.
Тартылган инвестициянын эсебинен районго 29 даана атайын техникалар, 10 даана чиркелүүчү агрегаттар, 9 даана мобилдик кыркым пункттар алынган.

Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирикмелери тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүн агротехникалык эрежелерине ылайык өз мөөнөтүндө сугат суу менен камсыздоо үчүн бардык чаралар көрүлүп, 2018-жылы районго 8 млн 722 миң сомго сугат суу жеткирилди. Сугат сууга болгон төлөмдөрдү толугу менен 100 пайызга жыйноого жетишишкен.

2018-жылы сугат системасын сугат мезгилине даярдоодо 11 млн 633 миң сомдук оңдоо иштери пландалса, иш жүзүндө 100 пайызга аткарылган», - деди Кара-Суу районунун акими.

Таза суу

Райондун калкы таза суу менен 93 пайызга камсыздалган.

«Өкмөттүн “Ала-Тоо булагы” долбоорунун алкагында райондогу Сары-Колот айыл аймагынын Шералы, Ынтымак айылдарын, Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач айылын, Кызыл-Суу айыл аймагынын Коргон, Алп-Ордо айылдарын таза суу менен камсыздоого долбоор түзүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүндү. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан долбоор түзүүгө тендер өткөрүлгөнү турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен жана инвестиция тартуу жолу менен 2018-жылы 4 калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, 8 калктуу конуштарда эски таза суу линияларын, скважиналарды реабилитациялоо жумуштарын жүргүзүү пландалып, жумуштар аткарылып жатат.

Таза суу системаларын жаңылоо, калыбына келтирүү үчүн Нариман, Сарай, Кашкар-Кыштак, Катта-Талдык, Ак-Таш, Мады, Кызыл-Суу айыл аймактарында жергиликтүү бюджеттен 2018-жылы 23 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн. Эл аралык каржылоо булактарынын эсебинен 22 млн сом, ички инвестиция жеке тараптардын колдоосу менен 15 млн сом акча каражаты тартылып, иштер аткарылган. Бүгүнкү күнгө карата район аймагындагы 420 миң адам жашаган 131 калктуу конуштун ичинен 105 калктуу конуш ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Башкача айтканда, таза суу менен камсыз болуу район боюнча 93 пайызды түзөт. Таза суу менен калкты 100 пайызга камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», - деп кошумчалады аким.

Финансы тармагы

Финансы тармагындагы жылдык план 102 пайызга аткарылган.

«2018-жылдын ичинде райондо жалпы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салык жана салык эмес төлөмдөрдүн болжолдуу планы 659 млн 813 миң сом болсо, план 102 пайызга аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 68 млн 901 миң сомго жогорулап, өсүү ыргагы 112 пайызга жетти.

Республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын аткарылганы 358 млн 903 миң сом болу, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине өндүрүлгөн салыкка салыштырганда 23 млн 305 миң сомго көп. Ал эми өсүү ыргагы 107 пайызды түзгөн.

2019-жылдын 1-январына карата район боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен келип түшкөн трансферттерди кошо эсептегенде жалпы 452 млн 348 миң сомго аткарылып, план 104 пайызга камсыз болгон.
2018-жылы райондун аймагында айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинин өсүшүн камсыздоодо Шарк айыл өкмөтү 9 млн 115 миң сомго, Сарай айыл өкмөтү 8 млн 682 миң сомго, Кызыл-Суу айыл өкмөтү 2 млн 937 миң сомго, Савай айыл өкмөтү 2 млн 800 миң сомго жетип, башка айыл өкмөттөргө салыштырмалуу чоң ийгиликтерди жаратышты.

Айыл аймактар тарабынан чогултулган салыктардын жана жыйымдардын 17 түрүнөн пландар аткарылып, алардын эсебинен бюджеткке 22 млн 856 миң сом ашыкча киреше топтолгон. Жыл башынан бери бюджетке салыктарды чогултуунун өсүү темпин чыгаруу боюнча бир катар тиешелүү иш-чаралар жүрүп, натыйжада райондун бардык айыл өкмөттөрү жана шаар мэриясы жылдык өсүү темптерин ашыра аткарышып, белгиленген тапшырманын чегинен ашкан.

Кара-Суу районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2019-жылдын башына карата калган калдыктарды кошо эсептегенде жергиликтүү бюджет 750 млн 326 миң сом болуп бекитилди. Бул 2018-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу 35 млн 277 миң сомго көп», - деди Т.Матраимов.

Электр энергия менен камсыздоо

Калк үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болууда.

«2017-жылдын 12 айында электр энергиясына болгон төлөмдөр 306 млн 622 миң сом болсо, 2018-жылдын 12 айында 333 млн 422 миң сом жыйналып, план тапшырма 108 пайызга аткарылган.

2017-жылдын 12 айында жалпы дебитордук карыз 28 млн 601 миң сомду түзгөн. Ал эми 2018-жылдын 12 айында дебитордук карыз 23 млн 502 миң сом болуп, дебитордук карыз 18 пайызга кыскарган. Ал эми калктын карызы 2019-жылдын 1-январына карата 21 млн 500 миң сомду түздү.

Электр энергиясын жоготуу 2017-жылдын 12 айында 12,9 пайызды түзсө, бул көрсөткүч 2018-жылдын 12 айында 12,7 пайызды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу -0,1 пайызга азайган. Райондук электр тармактар ишканасынын атайын трансформаторлорду оңдоо жайында 12 ай ичинде 30 даана трансформаторлор күзгү-кышкы даярдык үчүн капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

2018-жылдын ичинде райондук электр тармактар ишканасы тарабынан 13 даана трансформатор орнотулган, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27 даана трансформатор орнотулду. Электр энергиясын пайдалануу боюнча 2018-жылдын 12 айында берилген лимиттен 9 млн 426 миң кВт-саат электр энергиясы ашыкча жумшалган» , - деди район жетекчиси.

Социалдык фонд

Райондун аймагында пенсионерлер пенсия менен 100% камсыз болуп жатат.

«Кара-Суу районунда 37 миң 158 пенсионер бар. 2018-жылдын 12 айына карата төлөнгөн пенсия 2 млрд 163 млн 806 миң сом болуп, керектөө 100 пайызга камсыз болгон. 2018-жылдын 1-январына карата район боюнча пенсиянын орто өлчөмү 4530 сомду түзгөн болсо, бул көрсөткүч 2019-жылдын 1-январына карата 4926 сомду түздү.

2018-жылдын 12 айында камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу 468 млн 600 миң сом деп пландалып, иш жүзүндө 477 млн 197 миң сом жыйналып, план 102 пайызга аткарылган.

2018-жылдын 1-январына карата район боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнөн болгон жалпы карыз 12 млн 760 миң сом болсо, 2019-жылдын 1-январына карата 9 млн 65 миң сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жалпы карыз 3 млн 695 миң сомго же 29 пайызга кыскарган», - деп кошумчалады.

Инвестиция

2018-жылдын ичинде Кара-Суу районуна 1 млрд 413 млн 746 миң сом инвестиция тартылган.

«Районго туруктуу инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатындагы иштер аткарылды. 2018-жылдын 12 айында Кара-Суу районуна тартылган инвестициянын көлөмү 1 млрд 413 млн 746 миң сомду түздү. Анын ичинен 199 млн 769 миң сому тышкы жана 1 млрд 213 млн 977 миң сому ички инвестиция.

2018-жылдын 12 айында республикалык бюджеттен 352 млн 70 миң сом каралып, анын эсебинен райондун аймактарында билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттары курулуп, жабдуулар менен жабдылып жана эскилиги жеткен көпүрөлөрдүн курулуштары жүргүзүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен социалдык объектилердин курулушуна, оңдоого, таза суу түтүктөрүн, айылдардагы көпүрөлөрдү оңдоо жана каналдарды тазалоо иштерине 323 млн 57 миң сомдук иштер аткарылган.

Алардын айрымдарына токтоло кетсем:

- Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул айылдарында 2 км 28 метр жолго асфальт төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 млн 247 миң сом, Кашкар-Кыштак айылынын борбордук көчөсүнө жол чырак, видеокамера жана жол белгилерин орнотуу үчүн 1 млн 281 миң сом, Жоош айыл аймагынын Коммунизм айылына жаңы ФАП курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 108 миң сом, Кызыл-Кошчу айылындагы ФАПка 600 миң сом, Большевик айылындагы бала бакчаны кеңейтүү үчүн кошумча тайпа ачуу жана имарат курууга 600 миң сом, Нариман айыл аймагынын Ош—Кара-Суу жолун жана Ош—аэропорт жолдорун жарыктандырууга жалпысынан 4 млн 104 миң сом сарпталды.

Сарай айыл аймагындагы ОшКара-Суу жолун жарыктандырууга 11 млн 187 миң сом бөлүнүп, жарыктандырылды. Борбордук базардын айланасында жер астынан өтүүчү көпүрө куруу иштерине 28 млн 815 миң сом акча каражаты каралган. Киров айылынын Ак-Өргө жаңы конушунда 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 137 млн 900 миң сомдук 720 орундуу мектептин курулушу башталып, бүгүнкү күндө пайдаланууга берүүгө даяр болуп калды. Ошондой эле жеке ишкерлердин эсебинен 2018-жылдын 12 айында 538 млн 850 миң сомдук иштер аткарылган.

Райондо эл аралык уюмдардан инвестицияларды тартуу иштери жүргүзүлүп жатат. Кээ бирлерине токтолсом:

- Араб өлкөсү тарабынан Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жар-Ооз айылында ФАП курууга 2 млн 200 миң сом;

- Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылында таза суу кампасын курууга 10 млн сом (“Таберик” кайрымдуулук фонду тарабынан);

- Жаңы-Арык айыл аймагынын Правда айылында жаңы ФАП курууга 3 млн сом;

- Таш-Арык айылында АРИС уюму тарабынан Беккери чуңкуру 420 миң сомго курулду;

- Өзбек Республикасы менен биргеликте Кызыл-Кыштак айыл аймагында 105 млн сомдук кир жуучу машиналарды чыгаруучу «Артель» жана желимден эшик-терезе чыгаруучу «Имзо» ишканалары ачылды;

- ОБСЕ уюму тарабынан Кара-Суу шаарындагы 4 көчөгө 1 км 361 метр аралыкка темир бетондуу лоток 1 млн 600 миң сомго;

- «Ассалоом» фонду тарабынан Отуз-Адыр айыл аймагында тигүү цехин курууга 850 миң сомдук инвестиция берилди;

- Кызыл-Суу айыл аймагына таза суу тартуу үчүн Польша мамлекетинен келген инвесторлор 2,1 млн сом, Швейцария мамлекетинен 1 млн сом, жалпы 3,1 млн сом бөлүндү. Жумуштар элдин катышуусу менен аткарылып, аяктап калды», - деди аким.

Мыйзамсыз курулуштар

Райондун аймагында 380 мыйзамсыз курулуштар бузулган.

«Кара-Суу району боюнча 2018-жылы 380 объект буздурулган. ИИМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнө 24 ар кандай курулмалар өткөрүлүп берилип, 34 иш сотко өткөрүлсө, 4 иш прокуратурага берилди. Калгандарына мыйзам чегинде чара көрүлүүдө.
Салынган айыптар 371 миң сом болуп, алардын ичинде мамлекеттик ишканаларга 10 миң сом, ишкердик субъектилерге 276 миң сом, жеке жактарга 84 миң сом айып салынган», - деди ал.

Транспорт жана коммуникация тармагы

«№45 жол тейлөө ишканасы тейлеген жол 299 чакырымды түзөт. Ишкана тарабынан 2018-жылы аткарылган жумушка сарпталган акча каражатынын жалпы суммасы 36 млн 650 миң сомду түздү.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 4 км жолду асфальттоо, 1 чакырымга шагыл төшөө иштери жүргүзүлүп, 22 млн 52 миң сом акча каражаты жумшалды. Кыштагы жумуштар, табигый кырсыктарды жоюу, жайкы тейлөө жана башка жумуштар үчүн сарпталган акча каражат 14 млн 598 миң сом болгон.

Район боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 11 км жолду асфальттоого 24 млн 614 миң сом, 40 км жолго шагыл төшөөгө 3 млн 620 миң сом, 57 км жолдун четин жарыктандырууга 20 млн 429 миң сом акча каражаты сарпталды», - деди аким.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча

«Район аймагында 2018-жылда 16 объектиде жумуш аткарылып, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен алдын алуу максатында дренаж каналы, ички чарбалык жолдор тазаланып, 329 метр дамба тургузулган. Райондогу кооптуу аймактарда жашап жатышкан жана көчүүгө тийиш болгон 51 үй-бүлө аныкталган. Азыркы учурда жалпы 33 үй-бүлө кооптуу участкада жашоосун улантууда. Алар тууралуу сотко маалыматтар берилип, каралып жатат», - деди аким.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармагы

«Райондун калкына 1 үй-бүлөлүк медицина борбору, 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдары, 25 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 72 фельдшердик-акушердик пункттар, 1 аймактык оорукана, 1 аймактык балдар ооруканасы, Нариман аймактык ооруканасы, тиш эмканасы, кургак учукка каршы оорукана, санэпид борбору жана 6 тез жардам пункттарында 384 дарыгер, 1167 орто, 443 кичи медициналык кызматкерлер медициналык жардамдарын көрсөтүшөт.

Медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу максатында жыл ичинде республикалык, жергиликтүү бюджеттерден жана араб кайрымдуулук фонду тарабынан 10 медициналык мекеменин жаны имараттары курулуп, пайдаланууга берилген. Анын жалпы сметалык баасы 37 млн 300 миң сомду түзөт.

2019-жылдын 1-январына карата 4943 үй-бүлөнүн 17 077 баласына жөлөк пул дайындалып, бир айга керектелүүчү сумма 13 млн 978 миң сом, жыл башынан бери 176 млн 397 миң сомду түзгөн. Район боюнча 2019-жылдын 1-январына карата 4586 адам социалдык жөлөк пулдарды алышат. Бир айга керектелүүчү акча каражаты 14 млн 61 миң сом, жыл башынан бери 146 млн 938 миң сомду түзгөн.

Бүгүнкү күнгө карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсация 2116 жаранга 19 категория боюнча берилет. Бир айга керектелүүчү сумма 4 млн 994 миң сом болот.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген 79 жаранга майыптык арабалар, 137 адамга курорттук дарыланууга жолдомолор берилген.

Жумушка жайгаштыруу бөлүмүнө 2018-жыл ичинде 5264 атуул каттоого алынып, 738 жашоочу жумушка орноштурулган.

Район аймагында өз каражаттын эсебинен 3223 жаңы жумуш орундары түзүлдү», - деди аким.

Билим берүү тармагы

Кара-Суу районунда 128 мамлекеттик жана 5 менчик мектеп бар. Мамлекеттик мектептерде 69 миң 559 окуучу билим алса, менчик мектептерде 779 окуучу окуйт. Аларга 5 миң 13 мугалим билим берет.

Окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо район боюнча 88 пайыз. Мугалимдер эл аралык уюмдарга долбоорлорду жазышып, китеп фондун толуктап жатышат.

Мектептерди компьютер менен камсыз кылуу 96 пайыз болсо, интернет менен 107 мектеп камсыз болгон. Предметтик олимпиадага райондон жалпы 364 окуучу катышса, 36 окуучу облустук турга чейин барып, 1-2-орунду ээлеген. 10 окуучу республикалык турга барып, Кызыл-Кыргызстан орто мектебинин 10-классынын окуучусу география сабагынан 2-орунду ээлеген.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 11-классты бүтүргөн 1943 окуучу катышып, 950 окуучу 110 баллга, 831 окуучу 150 баллга, 156 окуучу 150-200 баллга, 6 окуучу 200дөн жогорку баллга ээ болушту. Тестирлөөгө даярдоо максатында Ош мамлекеттик университети менен Бабур орто мектебинин имаратында Кара-Суу гимназиясы ачылып, район аймагынан таланттуу балдар тартылып, окутуу иштери жүрүүдө. Азыркы учурда 55 окуучуга 17 мугалим билим берип жатат.

21 мектепте 8087 окуучуга ата-энелердин жардамы менен пландаштырылган ысык тамак берилет.

2018-2019-окуу жылында республикалык бюджеттен курулуп, пайдаланууга берилген мектептер:

- Мады айыл аймагындагы Лапин кызы Бегайым орто мектеби (сметалык баасы 29 млн сом);

- Катта-Талдык айыл аймагындагы Кызыл-Ордо орто мектеби (сметалык баасы 54 млн сом);

- Жоош айыл аймагындагы Гайрат орто мектеби (сметалык баасы 57 млн сом).

Учурда Савай айыл аймагында Кен-Сай орто мектеби, Пионердин 50 жылдыгы орто мектеби, Жоош айыл аймагында Сматов атындагы орто мектеби, Папан айыл аймагында Карагур орто мектеби, жергиликтүү бюджеттен Сарай айыл аймагында курулуп жаткан мектептер пайдаланууга берүүгө даяр болуп калды. Ошондой эле 9 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат.

Жалпы район боюнча 2017-2018-окуу жылында 86 бала бакча болсо, 2018-2019-окуу жылында 97ге жетти.

Маданият тармагы

«2018-жылы райондун маданият тармагын өстүрүүдө, улуттук чыгармачылык дараметти өркүндөтүүдө, маданий чөйрөнү калыптандырууда, маданий баалуулуктарды сактоо жана жайылтууда маданият мекемелеринин ишин мазмундук, материалдык, маалыматтык жактан өркүндөтүү багытында бир топ иштер аткарылган.

Чолпон-Ата шаарындагы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын республиканын алкагында өтүүчү “Көчмөндөр жаңырыгы” сынактарынын жобосуна ылайык “Улуттук салттуу ырлар”, “Улуттук кийим-кечелер”, ”Күл азык”, ”Элдик кол өнөрчүлүк” сынактарына райондун таланттуу өнөрпоздору, кол өнөрчүлөр, зергерлер этностилдеги кийим-кечелер менен катышып, ийгиликтерге жетишишти.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына карата район аймагында кароо-сынактар жарыяланып, 25-октябрь күнү жыйынтыгы чыгарылып, фестиваль, райондук мекеме-ишканалар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Райондук “Айтматов жана тил” фестивалы жогорку деңгээлде өткөрүлүп, сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз ССРинин мамлекеттик жана саясий ишмери Султан Ибримовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралардын планы кабыл алынып, анын өмүрү жана коомдук ишмердигин кеңири маалымдоо анын кыргыз элине жасаган эмгегин даңазалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.
Жыл ичинде Мады, Нариман, Папан, Сарай айылдык маданият үйлөрүнө, китепканаларга 398 миң сомдук эмерек берилип, Катта-Талдык, Жоош, Нариман, Шарк, Папан, Мады айылдык маданият үйлөрүндө жана Б.Мадазимов балдардын музыкалык мектебинде 1 млн 797 миң сомдук оңдоо иштери жүргүзүлгөн», - деди аким.

Дене тарбия жана спорт

«2018-жылы район аймагында 10 мектептин спорт залы пайдаланууга берилди. Анын үчөө республикалык бюджеттен, төртөө Жер үй долбоору менен, экөө түрткү берүүчү гранттын, бирөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ошондой эле Жоош айыл аймагынын Мамажан айылындагы күрөш залы, Отуз-Адыр, Ак-Таш айыл аймагындагы футбол жана волейбол аянтчалары «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген. Азыркы учурда 8 спорт залдын курулуш иштери республикалык бюджеттин жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен жүрүп жатат.

Районубузда өткөрүлгөн эң чон мелдештер: Сарай айыл аймагындагы спорт клубда март айында «Аралаш мушташуу чеберчиликтер жана Панкратион федерациясы» коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү менен биргеликте аралаш мушташуу боюнча, ошондой эле июнь айында кулатуу-эр таймаш боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында кыздар жана балдар ортосунда эл аралык мелдеш, Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында Социалисттик эмгектин баатыры Сыра Исаковдун элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлгөн. Ошондой эле ар бир даталуу күндөрдө спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат. Спорттук мелдештерди уюштуруу, спортчулардын мелдештерге катышып келиши үчүн шарттарды түзүү, жеңишке ээ болгондорду сыйлоо иштерине айыл өкмөт башчыларынын салымын белгилеп кетсек болот», - деди Т.Матраимов.

Арзан турак жай

«Өкмөттүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоо тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга 2018-жылы 25 жаран программага катышуу максатында арыз менен кайрылган. Алардын ичинен 23 жарандын документтери жобонун талаптарына ылайык келгендиги аныкталып, алардын документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комиссиясынан өтүп, тиешелүү документтер даярдалып жатат.

2018-жыл ичинде кайрылган жарандардын ичинен 10 жаран үй менен камсыз болду. Ал эми калган катышуучулар бүгүнкү күндө банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Район боюнча турак-жайларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда район боюнча 77706 кожолуктан 8343 кожолук камсыздандырылган, бул 14 пайызды түзөт. Бул багытта иш чараларды күчөтүү зарыл», - деди аким.

Кылмыштуулук

«2018-жылдын 12 айында коомдук саясий иш-чаралар өткөрүлүп, райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы коомдук тартипти жана коомдун коопсуздугун камсыз кылышты.

2018-жылдын 12 ай ичинде Кара-Cуу районунун аймагында жалпы 713 кылмыш иши тергөө өндүрүшүндө болгон, анын ичинен 693 кылмыш иши тергелип, 652 кылмыш ишинин бети ачылган. Кылмыштуулуктун бетин ачуу 94 пайызды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 8 пайызга жогорулаган.

2018-жылдын 12 айында Кара-Cуу районунун аймагында кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн багыты боюнча бардыгы болуп 32 операция өткөрүлгөн. Кара-Суу райондук ичики иштер бөлүмүнүн экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракет кылуу кызматында 165 адам диний экстремисттик агымдардын мүчөсү катары каттоодо турат, алардын ичинен соттолгондор 99 адам», - деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугу

«2018-жылдын 12 айында район боюнча 309 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 42 адам каза болуп, 535 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен ону балдар, жаракат алгандардын арасында 94 бала бар.

Жыйынтыктап айтканда буйрук, токтомдордун, каттардын аткарылышын камсыз кылууда мекеме-ишканалар менен айыл өкмөттөрдүн аткаруучулук тартибин жогорулатуу менен ар бир иш-чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуубуз зарыл», - деди Т.Матраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×