Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуКара-Суу району 29.01.2019 10:55 На русском

Сүрөт: Кара-Сууда даракты сүзгөн унаа талкаланып, эки адам каза болду

Turmush -  Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 18-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы жол кырсыктан 2 адам каза болду. Окуя кечээ, 27-январда болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну Ш. уулу А. башкарган «ВАЗ-2107» унаасы чыгыштан батышка карай бара жатканда башкаруусун жоготуп, жолдун четиндеги даракты сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана унаанын жүргүнчүсү — Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну Б.уулу Т. окуя болгон жерде каза болгон.

Бул жол кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×