Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуКара-Суу району 29.01.2019 15:08 На русском

Кара-Сууда 24 жаштагы таксистти сабап, бутун сындырышкан. Шектүүлөр — жүргүнчү кыздын агалары (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда таксист жигитти сабап, бутун сындырган 2 шектүү кармалып, бири изделип жатат. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Өздүк булактар аркылуу маалым болгондой, окуя өткөн жылы декабрь айында катталган. Аталган райондо таксист болуп иштеген 24 жаштагы жигиттен коңшу айылда жашаган кыз аны «Достук» чек ара бекетине жекирип коюуну өтүнгөн. Таксист кызды чек ара бекетине жеткиргенден кийин анын уюлдук телефону менен шакеги жоголуп кеткен. Кыздын бир тууган агалары таксист жигитти күнөөлөп, аны ур-токмокко алып, бутун сындырып, акча талап кылышкан.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалыматы боюнча, таксист кызды «Достук» чек ара бекетине жеткирген.

«Кыздын шериктери аны Өзбекстанга алып өтүп кеткен. Кийинчерээк анын агалары таксистти сабап кетишкен. Жигит ооруканага жатып, кыздын агалары себепсиз сабаганын айтууда. Бул иш боюнча денеге атайын оор залал келтирүү фактысы менен кылмыш иши козголуп, эки адам, тактап айтканда кыздын агалары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми таксисттин бутун сындырган адам учурда изделүүдө», - деди Ж.Аширбаев.

Жабырлануучу таксисттин апасы маалымат берүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×