Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуАраван району 29.01.2019 14:21 Жаңыланды: 29.01.2019 19:11 На русском

Видео: Аравандагы суу сактагычтан узундугу 3 метрге жеткен жылан табылды

Turmush -  Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү Жеке-Мисте айылынын Өзбекстан менен чектешкен аймагында, тактап айтканда Кемпир-Абад суу сактагычынан узундугу 3 метр жылан табылды.

Айылдын ветеринары Маматирайым Тажибаевдин айтымында, жылан Өзбекстандан агып келиши мүмкүн.

«2 күн мурун айылдын тургундары суу сактагычтан узуну 3 метр, жоондугу 30-35 сантиметрге жеткен өлүк питонду кармап келишиптир. Өзбекстанда бирөө багып жүрүп, өлүп калган соң каналга ыргытып жиберген деп божомолдоп жатабыз», - деди ветеринар.

Ал эми жыланды таап алган айыл тургундары маалымат берүүдөн баш тартып, аны сууга агызып жиберишкенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×