Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусу, Озгон 29.01.2019 17:03 На русском

Өзгөндөгү турак үй 60 орундуу бала бакчага айланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 29-январда Өзгөн шаарынын Жаныбек казы кварталында бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

«Бахмал» бала бакчасынын ачылыш аземине Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахим Мырзакулов, Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахман Атаджанов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Патиля Эргешова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, бала бакчалардын жетекчилери жана жашоочулар катышты.

Бала бакчанын имараты 2012-жылы жеке турак жай үчүн курулган. Жаныбек казы кварталынын жашоочуларын бала бакча менен камсыздоо үчүн Базарбай Айткулов аттуу тургун өзүнүн үйүн берген. Жергиликтүү бийлик тарабынан жашоочулардын бала бакчага муктаждыгы эске алынып, имаратты балдар бакчасы катары иштетүүгө макулдук берилген.

Имараттын жалпы аянты 462 чарчы метрди түзөт. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен имаратты оңдоо, тиешелүү эмеректерди алуу үчүн 1 млн сом бөлүнгөн. Бала бакча 60 орунга ылайыкталып, анда 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бала бакчага жетекчи болуп Бегимай Полотбекова дайындалып, ошондой эле 17 адам жумуш менен камсыздалды.

Жаныбек казы кварталындагы жашоочулардын саны 1 миң 367 адамга жетсе, анын ичинен 247и 6 жашка чейинки балдар. Өзгөн шаарында жалпы 6 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×