Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуНоокат району 29.01.2019 17:46 На русском

Колу-бутун сындырып, атып кетишкен: Ноокатта карызы үчүн сабалган адамдын абалы кандай?

Turmush -  Ноокат районунда октон жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн 40 жаштагы адам Ош облустук ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Ноокат аймактык ооруканасынан билдиришкендей, жабырлануучу — 1979-жылы туулган И.Н.нын абалы жакшырып, шок абалдан чыгып, облустук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Ал эми Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, окуяга шектүү катары кармалган 3 жаран учурда убактылуу кармоочу жайда камакта. Тергөө иштери аяктап, иш сотко өтүүнүн алдында турат.

Буга чейин Ноокат районунда октон жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн 40 жаштагы адамга операция жасалганын аймактык оорукананын жараат-сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Рахатбек Бабакулов билдирген.

Анын айтымында, Ош шаарынан келген дарыгерлер менен бирге башына операция жасалып, ал 1,5 саатка созулган.

«Бейтап 14-январь күнү саат 12:30да келди. Ал оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. Ага белгисиз курал менен ок атылыптыр. Колунун манжалары сынган, буттарында, көкүрөгүндө, башында жаракаттар бар. Ооруканага кан басымы абдан төмөн болуп, эс-учун жоготуп келген. Баш сөөгү сынып, мээсине кан куюлган. Сол жак жамбашы 5-6 см ачык турат. Азыр окту алып чыгууга болбойт. Анкени майда коргошундар өтө көп. Эң башкысы башы, окту алуу экинчи орунда. Оштон дарыгерлер чакырылып, башына 1,5 сааттык операция жасалды», - деген Бабакулов.

Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, окуя тууралуу билдирүү 14-январда саат 11:20 чамасында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.

Ыкчам терөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22-23 жаштагы 3 адам (эркек киши) кармалды. Алар 40 жаштагы адамды арматура менен сабап, белгисиз курал менен атып кетишкен. Милиция кызматкерлеринин тергөө иштеринин жыйынтыгында «Хонда ЦРВ» унаасы, узундугу 1 метр 10 см эки арматура, «ИЗ-17» үлгүсүндөгү 16 калибрлүү сайсыз аңчылык куралы табылды. Жабырлануучу аларга 48 миң сом карыз болгон. Шектүүлөр аны талаага алып барганда кайым айтышуу чыккан.

Turmush басылмасынын кабарчылары жабырлануучунун жакындары чогулган Ноокат аймактык ооруканасына барган. Бирок алар маалымат берүүдөн баш тартышкан. Айрым маалыматтар боюнча, жакында эле сабалган жарандын ата-энеси каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×