Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 30.01.2019 09:25

Тагдыр: 10 жылдык өмүрүн ооруканада өткөргөн Эхтираз 2 китеп чыгарып, сынактардан баш байгелерди алууда (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат айылынын 28 жаштагы тургуну Сүйөркул кызы Эхтираз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, көптөгөн ийгиликтерди багындырып келет.

Өзүнүн айтымында, ал ден соолугунун абалына байланыштуу мектептен окууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

«3 жашымда катуу жыгылгам, дарыгерлер арткы жүлүнгө доо кетип, нерв тамыры жабыркаган деген диагноз коюшуп, эми дарылоого кеч болуп калганын айтышкан. Мектепке бир жолу эле барган бойдон экинчи бара алган жокмун. Үйдө апам тамга таанытып, окуганды, жазганды үйрөттү.

2009-жылы Бишкек шаарындагы белгилүү хирург Сабырбек Жумабековго бардык, ошондо мен өмүр бою баспай калганымды билип, катуу стресске кабылдым. 24 саат бою уктабаган күндөрүм болгон. Эч ким менен сүйлөшпөй, жылмаюуну такыр унутуп калган элем. Ошол күндөрү апамдар мага айла жоктон араба алып беришти, бул мага ого бетер катуу тийди. Эшикке араба менен чыксам, адамдар таңыркап карай беришер эле. Ошол кыйын учурда эне-атам, бир туугандарым мага моралдык жактан жардам беришти», - дейт ал.

Эхтираз 10 жылдык өмүрү ооруканада өткөндүгүн айтты.

«Бала кезимде жакшы эле басчумун, кырсыктан кийин 7 жашка чейин кыйналып басып жүрдүм. Андан кийин операция болуп, дарылануудан кийин 1 ай гана басып, кайра таптакыр баспай калдым. Жалпы 10 жылдык өмүрүм ооруканада дарылануу менен өттү. Азыр бутум иштейт, бардык нерсени сезет, бир гана тарамышы тырышып калгандыктан баса албайм», - деди ал.

Эхтираз жашоосундагы эстен кеткис күнү тууралуу айтып жатып: «Анда 6 жашта элем, басканда бутум талып, кыйналып көпкө баса алчу эмесмин. Таенем менен бир айылда жашайбыз, үйүбүздүн аралыгы жөө басканда 20-25 мүнөттүк жол. Жамгыр себелеп жатканда апам, мен, иним, таежем болуп таенемдин үйүнө жөө барганбыз. Мен кол чатыр кармап, өзүм басып барганымды азыркыга чейин унутпайм. Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Ошол менин эң бактылуу күндөрүмдүн бири деп эсептейм», - деди.

Анын айтымында, учурда ал турмушундагы кыйынчылыктарга карабай, чыгармачылыгын өркүндөтүп келет.

«Дарыгерлер ата-энеме менин арабада отуруп кала турганымды айткан соң, алар мага моралдык жактан абдан колдоо көрсөтүштү. Апам окутуп, ыр жазганды үйрөттү жана атам каржылык жактан колдоо көрсөтүп, жазган ырларымды 2 китеп кылып чыгарып берди. Азыр үчүнчү китепти жазып жатам. Ырларым тагдыр, турмуш тууралуу. 2014-жылы биринчи «Шоола», 2015-жылы «Канатым бар» деген китебим чыкты.

2016-жылы «Жылдын мыкты жаш калемгери» номинациясын алдым, 2017-жылы 7 облус боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өткөн фестивалда 1-орунду алдым. 2018-жылы 7 облус боюнча жыйынтыктоочу финалда поэзия боюнча баш байгени жеңдим.

Турмуштун оор сыноосун жеңиш үчүн адамдар күч-дем берет. Майыптыгы бар адамдарды басынткандар дагы жок эмес. Кыйынчылыктарды позитивдүү ой менен жеңип келем. Ошондой эле чыгармачылыгым, жазган ырларым мага өтө чоң дем берип, алдыга сүйрөйт. Ырларым аркылуу мен көп жеңишке жеттим, досторду таптым. Ырларым менен артымдан өчпөс из калтыруу, көп китеп чыгаруу менин негизи максатым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×