Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 31.01.2019 10:05

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 31-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Достук шаарчасында бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 20 чарчы метр чатыры жана 30 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак үйдүн 60 чарчы метр аянты жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×