Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 31.01.2019 13:08 Жаңыланды: 03.02.2019 16:48 На русском

Өзгөчө ысымдар: Баатырдын атын алып жүргөн Тооман, көпчүлүктү таң калтырган Башарат (сүрөт)

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат. Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

--------------------------------------------------------------------------------

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 28 жаштагы тургуну Сатина Акматова учурда мугалим болуп иштейт. Ал кичинекей кезинде ысымын өзгөрткүсү келгени менен учурда сыймыктанарын айтат.

«Атымды атам койгон, маанисин сураган эмесмин. Китептерден бейиште Сатин деген булак бар экенин окугам. Кызыгы бул ысым көбүнчө эркектерге коюлат экен. Өзүм да ушул убакка чейин бир да кыздан учурата элекмин. Атым жөнүндө билүү үчүн жазуучу Зуура Сооронбаеванын "Сатина" чыгармасын он жолу окугам. Учурда "атың өзгөчө, кызыма ушул ысымды ыйгарсам болобу?" дегендер да бар», - дейт Сатина Акматова.

Сатина

--------------------------------------------------------------------------------

Ал эми Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну Тооман Көчкөнбай уулунун ысымы баатырдын урматына коюлган.

«Атымды атам койгон. Кичинекей кезимде өзүмдүн атымды түшүнбөй, таң калчумун. Тооман деген тоолорду түшүндүрсө керек деп ойлогом. 5-классымда атам "Кыргыздар" деген китептен менин атымды таап, окуп берген. Көрсө орто кылымдарда кыпчактарда Кайтбай менен Тооман деген эки баатыр болгон экен. Анын эрдиктери атама таасир калтырган окшойт, анын урматына мага ысым ыйгарыптыр», - деди Тооман Көчкөнбай уулу.

Тооман

--------------------------------------------------------------------------------

Кара-Кулжа районунун 19 жаштагы тургуну Башарат Чолпонбай кызы аты чанда кездешкендиктен ысымын өзгөрткүсү келбегенин айтат.

«Жаңы таанышкандарга атымды Башарат десем, кайра-кайра таң калып сурашат. "Тилибиз көнбөй жатат, өзгөртүп же кыскартып айтсак болобу?" дешет. Атымды айылдагы чоң молдо китептен таап койгон. Башарат бардык жакшылыктардын, ыймандын, сабырдын, такыбалыктын башаты дегенди түшүндүрөт. Бир ирет сабакта мугалим жок болгондуктан окуучулар аябай ызы-чуу болуп кетишти. Тынч отургулачы деп кыйкырсам, классташым "Башарат, сенин атың Башкарат эле болуп калбаптыр, кийин күйөөңдү да башкарат элең" дегенде аябай күлгөнбүз», - дейт ал.

Башарат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×