Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуКара-Суу району 31.01.2019 13:49

Кара-Сууда 33 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт

Turmush -  Кара-Суу районунун аймагында 33 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашашат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу районундагы бөлүмүнүн башчысы Сүйүнүч Осмонов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы кооптуу аймактарда 60 үй-бүлө жашаган.

«Негизи өткөн жылы кооптуу аймактарда жашаган 60 үй-бүлө калган. Анын ичинен 35 үй-бүлөгө соттун чечими чыгып, 27 үй-бүлө көчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө 23 үй-бүлө Папан айыл өкмөтүнө караган кооптуу аймактарда жашаса, 5 үй-бүлө Сарай айыл өкмөтүнө караган аймакта, 3 үй-бүлө Нариман, 2 үй-бүлө Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө жашашат. 23-январдан бери кооптуу аймакта жашаган ар бир үй-бүлөнүн үйүнө барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди Осмонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×