Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуКара-Суу району 31.01.2019 15:29

Денеси каналдан табылган: Кара-суулук келиндин өлүмү боюнча иш прокуратурага өттү

Turmush -  Өзбекстандын аймагындагы каналдан жансыз денеси табылган 21 жаштагы кара-суулук келиндин өлүмү боюнча иш райондук прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Аскар Мырзалиев билдирди.

«Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, ишти иликтөө үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына жөнөткөнбүз. Азыр иш прокуратурада каралып жатат. Ишти декабрь айынын аягында өткөрүп бергенбиз. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Эми кылмыш иш козголушу мүмкүн», - деди Мырзалиев.

------------------------------------------------------------------------------

Каналдан жансыз денеси табылган 21 жаштагы кара-суулук келиндин жакындары анын өлүмүнө кайын журтунун тиешеси бар деген пикирди билдиришкен эле.

Маркум келиндин таежеси Роза Юсубалиеванын айтымында, келин өз жанын кыйбайт болчу.

«Жоош, момун кыз эле. Ал себеби жок эле өз жанын кыймак эмес. Бул жерде бир сөз айтылганы үчүн сиңдим өз жанын кыюуга мажбур болгон. Бир жума мурун апасынын үйүнө келип кеткен. Бир аптадан кийин өз жанын кыйып жатат. Кайненеси бир нерсе деген. Артында эки баласы калды, 1 кыз жана 1 уул. Биз сурасак кайненеси эч нерсе кылбаганын айтты. Бизге кайненесинин сиңдиси телефон чалып, "Манзура (маркум келин) силердин үйүңөргө барган жокпу, үйдө жок болуп жатат" деди. Биз анын үйүнө барсак эч ким жок экен. Андан кийин кайненеси келди. Ал келинине болгону кичине насаат айтканын билдирди.

Сиңдисинин бизге телефон чалганына караганда окуя болордон бир күн мурун чыр чыккан экен. Ал "балким ошол үчүн үйдөн чыгып кеткендир" деп айтты. Ал эми сиңдимдин кайненеси сиңдисине телефон чалып, "балам келинимди урду, мен ажыраттым" деп айтыптыр. Эмнеге урат?...», - деген Юсубалиева.

Келиндин атасы Муратжан Мамажановдун айтымында, кызы кайненесине жаккан эмес. Анан калса келин күйөөсү менен Сауд Арабияга барып окуп, иштөө үчүн камданып жаткан. Аларды ал жакка жөнөтпөө үчүн кайненеси келинин урушуп келген.

«Кызым жоголуп кеткенден кийин жубайым анын кайнатасына телефон чалып, кызыбыз табылбай жатканын айткан. Ал "мен кайдан таап бермек элем" деп жубайымды сөккөн экен. Окуя болордон бир жума мурун кызымдын кайненеси да жубайыма телефондон жаман сөздөрдү айткан эле. Ал сүйлөшүүлөрдүн баарын аялым жаздырып алыптыр.

Угушубуз боюнча күйөө баламдын апасы чагымчылдык кылып, экөөнү уруштурган экен. Кызым бир ирет бизге "мен күйөөмдү жакшы көрөм, 10-15 күн чыдап турсам экөөбүз Сауд Арабияга окуп, иштегени кетебиз" деп айткан. Жубайымдын айтымында, күнөөлүү кайненеси, ал кызыбызды жактырган эмес. Жада калса күйөө балам экөөнүн чет мамлекетке баруусуна каршы болуптур», - деди Мамажанов.

Ал эми маркум келиндин күйөөсүнүн үйүнө Turmush басылмасынын кабарчылары барганда эшикти эч ким ачкан эмес. Кабарчылар аларга телефон чалганда кайра байланышарын айтып, өчүрүп коюшкан.

Маркум келинди ата-энеси 16 жашында турмушка узаткан. Кыргызстандагы мыйзам боюнча, 18 жашка чыга элек кызды никеге тургузууга тыюу салынат. Ал эми адистердин пикиринде, бул факты эрте никенин арты эмне менен бүтөрүн айгинелеп койду. Бул окуя башка ата-энелерге сабак болушу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×