Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуАраван району 01.02.2019 14:34 На русском

Аравандагы жол кырсыктан 22 жаштагы жигит каза болду, жабыркагандар бар (сүрөт)

Turmush -  Ош—Араван унаа жолунун 10-чакырымында, тактап айтканда Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы жол-транспорт кырсыгынан бир адам каза болуп, эки адам жабыркады. Окуя 30-январда саат 02:00 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К.нын башкаруусундагы «Дэу Матиз» жолдун четине чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү — Араван районунун 1997-жылы туулган тургуну М.Ш. окуя болгон жерде каза болгон. Унаадагы башка жүргүнчүлөр — Араван районунун 1997-жылы туулган тургуну А.К жана 1997-жылы туулган М.К. Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми айдоочу жаракат алган эмес.

Аталган кырсык боюнча Араван РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×