Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуАраван району 01.02.2019 21:04 На русском

Мамлекеттик салык кызматынын Аравандагы кызматкери сабалды (фото, видео)

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Араван районундагы кызматкери сабалып, ооруканага жаткырылды.

Жабырлануучу - Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн тургуну Махамадшүкүр Алимов Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, окуя бүгүн, 1-февралда саат 08:20 чамасында болгон. Ал Араван районундагы борбордук көчөсү аркылуу жумушка бара жатканда аны сабап кетишкен.

«Эртен менен жумушка бара жатсам Юсупов айыл өкмөтүнүн тургуну мени эч себепсиз эле сабады. Мен жыгылып түшкөндөн кийин мени жаткан жеримден тепкиледи. Бир саамга эстен тана түштүм. Кийин өзүмө келгенден кийин бирөөлөр мага суу беришти, мен жүзүмдү жууп, иниме чалдым. Ал мени ооруканага алып келди», - деди жабырлануучу Алимов.

Бул арада сабалган салык кызматкеринин жакындары Араван аймактык ооруканасынын алдына чогулушкан. Андагылар Алимовдун абалынан кабар алганы келишкен. Алардын бири Разманали Мамажанов буларга токтолду.

«Чогулганыбыздын себеби инибизди Юсупов айыл өкмөтүнүн тургуну сабап коюптур. Бул биринчи учур эмес. Мурун Билал деген баланы да сабашкан. 3 ай мурун Бобурду «айылдык кеңештин төрагалыгына талапкерлигинди койбо, эгер койсоң үй-бүлөң менен жок кылып салам» деп коркуткан экен. Бул иш боюнча жогорку жактарга кайрылабыз, ишти адилеттүү чечип беришсин», - деди Мамажанов.

Ал эми Араван аймактык ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Авазжан уулу Мамадиярдын айтымында, жабырлануучу 1-февралда саат 09:30да кайрылган.

«Ал баш ооруу, баш айлануу менен бизге кайрылды. Дарыгерлердин бардык жардамдары көргөзүлдү. Жарааты тигилди. Көз дарыгеринин текшерүүсүндө болуп, рентген тартылды. Азыркы диагнозу баш мээнин чайкалуусу, ошондой эле сол кабактын үстү жагында жарааты бар. Рентгенден маалым болгондой, баш сөөгү сынган эмес», - деди Авазжан уулу.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалыматына караганда, 1970-жылы туулган Махамадшүкүр Алимов арыз менен кайрылган.

«Махамадшүкүр Алимов арыз менен РИИБге кайрылган. Анда ал 1-февраль күнү саат 8:30да ага тааныш болгон Нурулло деген жигит себепсиз залал келтиргенин айткан. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266- беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деди Аширбаев.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×