Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Ош 03.02.2019 10:17 На русском

Ошто көчөдөн аксакалга кол көтөргөндөр студенттер болгон

Turmush -  Эки жаш жигит көчөдө баштык көтөргөн аксакалды чапкылап, кол көтөрүп жатканда тартылган видео тараган. Бул окуя Ош шаарында болушу мүмкүн деп болжолдонуп, милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүштү, деп билдирди Ош ШИИБ.

Натыйжада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан окуя Ошто болгону жана катышуучулардын өздүгү аныкталды. Видеотасмадагы 17 жаштагы жигиттер өздөрүн студент деп тааныштырып: "Аксакал ичимдик ичип алып биз жашаган аймакка көп келе бергендиктен ушундай кылдык", - деп түшүндүрүштү. Алар аксакалдан кечирим сурашкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштык катары катталып, тактоо иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×