Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуАлай району 04.02.2019 12:07 На русском

Бөрүлүү мезгил: Алайлык мергенчилер малга кол салган карышкыр жана чөөлөрдү жок кылышты (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 3-февраль күнү Алай районунда 2 чөө жана 1 карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Алай районундагы аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, Үч-Дөбө айыл өкмөтүндө 2 карышкыр атылып, бири ок тийгенине карабай качып кеткен. Учурда ок тийген карышкыр изделип жатат. Ошондой эле Алай айыл өкмөтүндө чөөлөр көбөйүп кеткендиктен жергиликтүү мергенчилер жырткыч жаныбарларды жок кылуу аракетинде. Бул күнү мергенчилер эки чөөнү жок кылышты.

«Айыл өкмөттөр тарабынан мергенчилерге ок-дарылар алынып берилүүдө. Карышкырлар менен чөөлөр элдин малына дагы деле кол салып жатат. Буга чейин да 2 карышкыр атылган болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×