Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАраван району 04.02.2019 12:46

Араванда 35 жаштагы киши аялын бычактап өлтүрдү

Turmush -  Араван районунда 35 жаштагы адам аялын бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-февраль күнү Араван районунун аймактык ооруканасынан Араван РИИБге Уйгур-Абад айылынын 1986-жылы туулган тургуну М.Г. бийиктен кулап кетип каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзгөн учурда маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

«1-февраль күнү саат 18:30 чамасында Араван районунун Төбө-Коргон айылынын 1983-жылы туулган тургуну М.Т. өзүнүн үйүнүн короосунда аялы — 1986-жылы туулган М.Г. менен көчөт өстүрүүчү парник орнотуп жатып, экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжал учурунда М.Т. бычак менен аялынын курсагына (сол тарабына) бир жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен ал окуя болгон жерде көз жумган. Маркумдагы жаракаттын даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 130-берененин 1-бөлүмүнүн (киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×