Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 06.02.2019 00:20

Айыл турмушу: 32 жылдан бери гезит-журнал чогулткан Жумабай ата үйүн китепканага айлантты

Turmush -  Өзгөн районунун Көлдүк айылынын 87 жаштагы тургуну Жумабай Шерматов 1986-жылдан бери гезит-журналдарды сактап келет. Ал бала кезинен китеп окууга кызып, мектепке бара электе эле тамга тааныганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Жумабай ата чогулткан китеп, гезит жана журналдарын байлык деп эсептейт.

«Китеп, гезит, журналдарды окуп, сактоо мага абдан кызыктуу. Алар менин байлыгым десем болот. Бала кезимден китеп окууга кызыгып, мектепке бара электе эле тамга таанып, шар окууну үйрөнгөм. 1-класста окуп жатканда "2-класска көчүрөбүз" дешкен. Себеби өзүм теңдүүлөрдөн айырмаланып, жакшы окучумун. Бирок дароо экинчи класска көчүүгө макул болгон жокмун. Мектепти жакшы окуп бүтүргөм. Шартка байланыштуу жогорку окуу жайга бара алган жокмун. Башымдан көп кыйынчылыктар өттү. Ошол учурда китептер жакшы жашоого жардам берген. Ал эми гезиттерден көптөгөн маалыматтарды алчумун», - деди ал.

Жумабай Шерматовдун айтымында, ал учурда азыркыдай шарт жок болгондуктан маалыматтарды кыйынчылык менен окушкан.

«Ал кезде телефон, интернет, сыналгы жок эле. "Канчалык көп маалыматка ээ болсоң дүйнөнү башкарасың" деген сөз бар. Окугандарымдын баарынын жашоодо кереги тийди. Ошол маалымат, окуя эртең тарых болот, анын пайдасы көп. Ар бир адам аракет кылышы керек. Мен сабатсыздыгымды жоюу үчүн көп окугам. Өзүң эле окуп, билсең болду эмес. Алган билимиңди, билгениңди башкага айтып берүү да талант. Кимдир бирөөнүн өзгөрүшүнө себеп болушуң мүмкүн», - дейт аксакал.

Жумабай ата азыр да китеп окуп, гезиттерден маалымат алып турат. Айылдаштары анын үйүн китепкана катары билишет.

«Басылып чыккан гезит-журналдардын баарын окугам. Балдарыма татыктуу тарбия бердим деп айта алам. Аларды окутуп, акылдуу, ыймандуу кылып тарбияладым. Балдарымдын бири да мага жаман сөз алып келе элек. Алардын жакшы болушуна менин тарбиям жана окуган китептерим да себеп болду. 87 жашка чыксам да кулагым жакшы угуп, көзүм жакшы көрөт. Анын сыры көп окугандыгымда болсо керек. Бирок эс тутумум начарлай баштады. Ошондуктан билгендеримдин баарын кагаз бетине түшүрө баштадым. Көпчүлүгү "окуп жатканда көзүңүз талып калбайбы?" деп сурашат. Көзүм талыбайт, адам кыймылдаса кан жүгүрөт. Китеп окуп жатканда сөөмөйүм жылган сайын көзүмдү кошо жылдырып, көп кыймылдатчумун. Ошондуктан көзүм жакшы көрөт деп ойлойм.

Жашоодо 2 түрдүү гана адам жакшы инсан болот дешет. Биринчиси — ата-энеден жакшы тарбия алган, экинчиси — жашоодо көп кыйынчылык көргөн, китеп окуган адам. Бардык адамдар бактылуу болууну каалашат. Бирок бул дүйнөдөн эч бактылуу болбогондой эле өтүп кетишет. Бакытты табуу оңой эмес», - деди ал.

Аксакал 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×