Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуАлай району 04.02.2019 17:11

Ленин айыл өкмөтүндөгү жашоочулар ден соолугун акысыз текшертип жатышат

Алай району
Алай району

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү жашоочулар акысыз медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Зымырат Дубанаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Согонду айылындагы С.Жаанбаев атындагы орто мектебин 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга УЗИ аппаратын алып келип, жашоочуларга акысыз кызмат көрсөтүлүп жатат.

«Медициналык кароодон өтүүгө айыл өкмөттүн карамагындагы 4 айылдын жашоочулар келип жатат», - деди З.Дубанаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×