Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуАлай району 09.02.2019 15:38

Айыл турмушу: Улан уста мал баккан айылдаштарынын түйшүгүн жеңилдеткен жабдык жасады (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын 33 жаштагы тургуну Улан Абдиев чөп кыркуунун оңой жолун ойлоп тапты. Ал интернет аркылуу чөп кыркуучу жабдыкты жасоону үйрөнгөн. Учурда бул жабдыкка кызыккандар арбын экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Улан мырза мектепти аяктагандан бери ширетүүчү болуп эмгектенип келет.

«Бул жабдыктын жасалуу жолун интернеттен үйрөндүм. Айылда жашагандыктан дайыма тургундардын түйшүгүн жеңилдетүүгө аракет кылам. Албетте, башында жабдык анча окшошкон жок. Бирок тынымсыз аракеттин артынан жакшы, сапаттуу кылып жасай баштадым. Бул жабдык айыл жерине абдан керектүү. Кышында малга чөп кыркып, убакыт көп кетип калат. Ошондуктан өзүмдүн жумушумду жеңилдетүү максатында чөп кырккычты жасадым. Жабдык аркылуу чөптүн бардык түрүн 3-5 сантиметрге чейин майда кылып кыркса болот. 2 мүнөттө 1 түк чөптү кыркып бүтөт», - дейт ал.

Уста чөп кыркуучу жабдыкты 1 күндө жасап бүтүргөн. Мындан тышкары тиричиликке керектелүүчү буюмдарды темирди ширетүү жолу менен жасайт.

«Темирден бардык буюмду жасай алам. Анткени бул тармакта иштеп жатканыма 20 жылдын жүзү болду. Короолордун тосмолорун, дарбаза, темир очок, айнек терезелердин темир тосмолорун жана стол, отургучтарды жасайм. Акыркы күндөрү эмгектериме кызыккандар, буйрутма бергендер көбөйүүдө. Жаратканымдын берген талантына, ырыскысына, баарына шүгүр. Талантымдын аркасы менен чет элде иштебей, үй-бүлөмдүн жанында тиричилик кылып келе жатам», - деди Улан Абдиев.

Улан уста буга чейин сабиз тууроочу жабдык жасаган болчу. Ал үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×