Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Ош облусуАлай району 05.02.2019 12:48 На русском

Кыз узатуу тойдон кийинки кылмыш: 5 баланын атасын өлтүргөн Айбектин 14 жылы абакта өтөт

Turmush -  Ош облустук сотунун коллегиясы кыз узатуу тойдон кайтып келе жатканда каза болгон Алай районунун тургунунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти карады.

Айыпталуучу — 1967-жылы туулган Айбек (аты өзгөртүлдү) Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн тургуну. Орто билимдүү, эч жерде иштебейт. Буга чейин соттолгон эмес, үй-бүлөлүү жана 5 баланын атасы. Ага карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин 2-бөлүмүнүн 10-пункту (Бейбаштык максатта киши өлтүрүү) боюнча айып тагылган. Ал Алай райондук сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылган эркинен ажыратылган. Айыпталуучу 2018-жылдын 22-июнунан бери камакта. Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына материлдык чыгым катары 65 миң 890 сом, ал эми моралдык зыян үчүн 100 миң сом өндүрүп берүү өкүмү чыккан.

Кылмыш иштин чоо-жайы

Тергөө органдары тарабынан 2018-жылы 21-июнь күнү Алай районунун Бөлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылынын 1971-жылы туулган тургуну Акыл (аты өзгөртүлдү) кызын турмушка узатып, той өткөргөнүн аныкташты. Айыпталуучу Айбек жана ушул эле айылдын 1979-жылы туулган тургуну Урмат (аты өзгөртүлдү) той ээсине жардам беришкен. Алар спирт ичимдигин ичип, саат 01:00 чамасында үйлөрүнө кайтып бара жатканда ортолорунда жаңжал чыккан. Жаңжал учурунда Айбек Урматты ур-токмокко алып, денесине жаракат келтирип, муунткан. Ал Урматтын белинен кармап, жерге чаап жиберген. Анын кесепетинен Урмат оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон.

Райондук соттун өкүмүнө макул болбогон жабырлануучу тарап апелляциялык тартипте даттануу келтирген. Жабырлануучу тараптын өкүлү — маркумдун иниси Нурбек (аты өзгөртүлдү) маркумдун жубайы жесир жана 5 баласы жетим калганын билдирген. Ошондой ал агасын акыркы сапарга узатууда материалдык чыгымга учураганын белгилеп, сот материалдык (396 миң 240 сом) жана моралдык (1 млн сом) чыгымды өндүрүүнү канааттандырбаганын айтты.

Анын айтымында, Урмат спирт ичимдиктерин ичпей, айылдын жашоосуна активдүү катышып, тургундарга жардам берип келген.

Ошондой эле райондук соттун чечими менен айыпталуучу тарап да макул эмес. Айбектин жактоочусу анын иш аракети Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин 2-бөлүмүнүн 10-пунктунда каралган кылмыштын курамына кирбей турганын билдирди.

Айыпталуучу эмне дейт?

Айбектин айтымында, окуя болгонго чейин маркум экөөнүн ортосунда эч кандай карама-каршылык, касташуу болгон эмес. Алар жакшы мамиледе болушкан.

«Ал күнү Урмат экөөбүз кыз узатуу тойго жардам берип, спирт ичимдиктерин ичкенбиз. Саат 22:00 чамасында үйүбүзгө кайттык. Жолдо Урмат күрөшүүнү сунуштады. Ал мени биринчи жерге жыгылтып, мен турганда качып кетүүгө аракет жасады. Ал жаза басып алып, ташка урунду. Анын жанына келип, өзүнө келтирүүгө аракет кылдым. Жаныбызга жигиттер келди, андан кийин эмне болгону эсимде жок. Урматтын жакындарынан кечирим сурайм, атайын жасаган жокмун», - деди айыпталуучу.

Күбөнүн көрсөтмөсү

Сот отурумуна чакырылган күбөнүн айтымында, ошол күнү футбол оюнунан келе жаткан. Жолдон Айбек менен Урматтын жерде жатканын көргөн. Ал жакын барганда Айбек Урматты жакасынан кармап, өзүнө келтирүүгө аракет жасап жаткан болчу.

«Соттолуучуну жерден тургузсам мас абалда экен. Жабырлануучу ошол жерде эле каза болгонун көргөм, бирок айта алган жокмун», - деди күбө.

Ал эми маркумдун жубайы: «Урмат эч кимге катуу сүйлөбөгөн адам эле. Соттолуучу менен айылдаш катары мамиледе болчу. Беш балам жетим калды», - деди ал.

Кылмыш ишти караган Ош облустук сотунун коллегиясы 2019-жылдын 15-январында соттун биринчи инстанциясын өзгөрттү. Сот Айбекти Кылмыш-жаза кодексиндеги 130-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Бейбаштык максатта киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Соттолуучу Айбектин даттануусу жарым-жартылай каанаттандырылып, ал эми жабырлануучунун өкүлүнүн апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×