Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуНоокат району 05.02.2019 15:09 На русском

Ноокатта 3 млн сомго футбол аянтчасы курулду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 4-февраль күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, футбол аянтчасы 3 млн сомго курулган. Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана жашоочулар катышты.

«Аянтчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен жана демөөчүлөр тарабынан акча бөлүндү. Анын чатыры жабылып, даараткана, жуунучу, эс алуучу жайлар да курулду. Ачылыш аземине карата 20 миң сом акчалай сыйлык коюлуп, кичи футбол боюнча мелдеш өткөрдүк. Мелдешке 15 айыл өкмөттөн чогулган 15 команда катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×