Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуКара-Суу району 05.02.2019 15:43

Кара-Сууда мигранттардын балдарынын тизмесин тактап жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда мигранттардын балдарынын тизмеси такталып жатат. Бул иш үчүн акимдин штабы түзүлгөнүн райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мигранттардын балдарынын тизмесин тактоо аларды адепсиз жоруктарга аралаштырбоо максатын көздөйт. Штабдар айыл аймактарда түзүлүп, чет өлкөгө кеткен ата-энелердин балдарынын тизмесин тактоо иштери уланууда. Райондук билим берүү, социалдык коргоо, медицина, айыл өкмөттүн кызматкерлери биргеликте айылдарда ар бир үйдү кыдырып жатышат.

Адистер балдардын тизмесин тактоо менен бирге миграцияда жүргөн ата-энелердин балдары кимдин карамагында экенин жана кандай жардам керектигин аныктап, саламаттыгын текшерип жатышат. Мындай тактоо иштеринин жыйынтыгы февраль айынын аягында белгилүү болот.

Ошондой эле райондук администрация РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү менен биргеликте рейд жүргүздү. Анын жыйынтыгында райондун борборунда жайгашкан базардагы жумуш орундарынан улам ички мигранттар көбөйгөнү аныкталды. Тактап айтканда, облустун башка райондорунан жана башка аймактардан Кара-Суу районунун борбордук базарына иштегени келген адамдар арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×