Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуКара-Суу району 07.02.2019 23:51 На русском

Айыл турмушу: 40 жыл мектепте иштеген Камыт Акматов жалгыз уюн сатып, мугалимдерге айлык тараткан (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын 62 жаштагы тургуну Камыт Акматов 40 жыл мектепте эмгектенген. Ал союз мезгилинде мектепте мугалим калбай калганда директор болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Камыт Акматов учурда ардактуу эс алууда.

«Жогорку окуу жайга тапшырууда сынактар абдан оор болчу. Бир орунга 15 бала тапшырып, арасынан бирөө тандалса, калганы кийинки жылы келет эле. 700 баланын арасынан 56 бала окууга өткөнбүз. 1979-жылы окуу жайды аяктап, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын Аманбай Жунусов орто мектебине жумушка орношуп, 40 жыл мугалим болуп иштедим. Ал аралыкта 1994-1998-жылдары директор, андан соң директордун орун басары болдум. СССР кулаган учурдагы мугалимдерди ошол убактын чыныгы баатырлары десек жаңылашпайбыз. Мамлекет мугалимдерди айлык менен камсыздай албай калганда алардын көпчүлүгү соода тармагына өтүп кетишкен. 1994-жылы мугалимдер бир тыйын айлык албай иштешкен. Айлыктын ордуна чыт (кездеме), чай, буудай, арак, коньяк таратышып, ичкилик ичпегендер да айла жок ичип кетишкен. Мугалимдерди жакшы сөз менен алдап, арыз-муңдарын угуп, көз жашын аарчып, кайра жумушуна кайтаргам. Кийинчерээк заман өзгөрүп, айлык ордуна келе баштаганда директорлукту талаша башташты», - деп эскерди мугалим.

Камыт Акматовдун жубайынын айтымында, жолдошу директор болуп иштеп жүргөндө мугалимдердин эмгек акысы кечигип калып, жалгыз уюн сатып, айлык тараткан.

«Балдарымдын таенеси энчи кылып саан уй берген эле. Бир күнү "уйду сатып, мугалимдерге айлык берип туралы, кийин ордун толуктап берем" деди. Балдарымдын ырыскысын бербейм деп чыйпылыктадым. Жолдошум өжөрлөнүп жатып уйду сатып, айлык таратып берди. Эмгек акы алуу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнө жөө каттап, кезекке туруп, 5-6 күндө алып келишчү. Айлыктын жарымы эле жол кире акысына кетчү» - деди мугалимдин жубайы Калдаркан Акматова.

Анын 4 кыз, 1 уулу да ата жолун жолдоп, кыргыз тилчи мугалим болушкан. Уулу Кыялбек Акматов — педагогика илимдеринин кандидаты, доцент. Ал Бишкек шаарында өткөн мугалимдердин кароо-сынагында 1-орунду алган. Учурда уулу Ош шаарындагы мектеп-гимназияда директор болуп эмгектенет.

«Баламдын сынак тапшырып жатканын сыналгыдан көрүп отурдум. Ошол убакта жаңы чыгып жаткан сыналгыны жеңип келген эле. Уулум менен абдан сыймыктанам. Уул-кыздарым менен бири-бирибизге айтчу сөзүбүздү макалдатып эле жеткирип коебуз. Айылдык кеңештин 3 жолку депутаты болуп, элге жер бөлдүрүп берип, өзүм жер албаптырмын. Үйүмө эски журналдар менен китеп гана топтодум, сыйлыкты да ойлобоптурмун. Менден кийин иштеген мугалимдер сыйлык алышса таң калгам. Балдарым эмгегим бааланбай калганын айтып калышат. Азыр окуучуларым тосуп алып, жолго чыксам эч кимге салам бербеген адам да учурашат. Медалдар чаң басып жатат, ал эми менин эмгегим элдин эсинде жашайт деп калам», - дейт ал.

Учурда ата-энелер бардык милдетти мектепке оодарып, өздөрүнүн милдетин аткарбай калганын белгилеген Камыт Акматов: «Окуучу тарбияны үйдөн, билимди мектептен алат. Анын жүрүм-турумун карап, ата-энесине баа берип койсо болот. Бирок учурда ата-энелер акча табууну гана милдет деп түшүнүп алышты. Бир жолу окуучумду сабактан кийин унаа сүзүп кетиптир. Аны ооруканага алып барып, дарыгерлерге чуркап жүрдүм. Апасы бизди айыптап жатты. Түнүк саат экиге чейин оорукана жүрсөм дарыгерлер "сизге эмне, бара бербейсизби?" деп таң калышкан.

Дайыма саат алтыда туруп, жумуштарымды бүтүрүп, мектепке жөнөчүмүн. Азыр деле көнгөн адатым кармап, мектепке жөнөп калам. Ооруганыма байланыштуу жубайым эч жакка чыгарбай, кармап отурат. Мектептеги ызы-чууну сагындым», - деди Камыт Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×