Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ош облусу, Озгон 05.02.2019 17:33 На русском

Видео: Өзгөндөгү милиционерлер туура эмес маалымат тараткан адамга орой мамиле жасашкан. Окуянын чоо-жайы

Милиция
Милиция

Turmush -  Өзгөн районунда жашоочуга орой мамиле жасаган милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 26-декабрында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 1987-жылы туулган тургуну Б.К. Өзгөн РИИБге арыз менен кайрылган. Анын арызында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Ширин» кафесинин тушунда токтоп турган «Хонда Авансер» үлгүсүндөгү унаасынан белгисиз адамдар 200 000 сом акчасын жана 150 000 сомдук телефон аксессуарларын уурдап кетишкени жазылган.

«Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) 2-бөлүмүндөгү 3-пунктунун негизинде кылмыш иш козголгон. Бирок арыз ээси тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе милиция кызматкерлерине телефон чалып, ишине тоскоолдук жараткан. Мындан сырткары ал интернет аркылуу (ютуб канал) туура эмес маалыматтарды таркатууну токтотпой келет. Тергөө кызматы түшүндүрмө бергенине карабай, бир эле суроону кайталап берип, көчөдө коомдук тартипти сактап жүргөн милиция кызматкерлерине да тоскоол болгон. Милиция кызматкерлери ага орой мамиле жасап, сөгүп жиберген. Учурда тийиштүү кызматтар тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери аяктаганга чейин арыз ээсин жүйөөсүз видеотасмага тартып, такталбаган маалыматтарды таркатуудан карманууга чакырабыз», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Видеону интернет колдонуучулар жарыялашкан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×