Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуЧоң-Алай району 06.02.2019 10:11 На русском

Чоң-Алайда 2 адам бараткан унаа кар көчкү алдында калды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 5-февралда Оштогу Чоң-Алай районунун Сары-Таш—Дароот-Коргон—Карамык унаа жолунун 98-чакырымында (Дароот-Коргон айылы) эки жолу кар көчкү түшүп, унааны басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр кубду, ал эми экинчи кар көчкүнүн көлөмү 700 метр кубду түздү. Жерине ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жана Чоң-Алай райондук №88 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 20:15те унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылган. Ал эми кар көчкү басып калган «Дэу Матиз» унаасынын ичинде 2 адам болгон. Алардын абалы жакшы, үйлөрүнө жөнөп кетишкен. Унаа кар көчкүнүн алдынан чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×