Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуЧоң-Алай району 06.02.2019 10:26

Чоң-Алайдагы кар көчкүдөн кийин 70 адам жолдо калды

Turmush -  Кечээ, 5-февралда саат 23:40 чамасында Оштогу Чоң-Алай районунун Сары-Таш—Дароот-Коргон—Карамык унаа жолунун 115-чакырымында катуу шамалдын кесепетинен кар күрткүсү пайда болуп, 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, жол кар күрткүсүнөн тазаланды. Ал эми 70 жүргүнчү (55 эркек адам жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан 2 мечитке убактылуу жайгаштырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×