Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуНоокат району 06.02.2019 17:31 На русском

Ноокаттагы кырсык: «Хендай Старекс» тандырды талкалап, 14 жаштагы баланы сүзүп өлтүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы жол кырсыктын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Окуя 4-февралда саат 18:00 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган А. у Т.нын башкаруусундагы «Хендай Старекс» үлгүсүндөгү унаа аталган айылдын борборун көздөй бара жатканда токтоткучу иштебей калып, базарда жайгашкан тандырга кирип кеткен. Унаа Ноокат районунун 1978-жылы туулган тургуну Б.Д. жана 2005-жылы туулган К.Ж.ны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми Б.Д. Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Ошондой эле айдоочу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×