Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуӨзгөн району 06.02.2019 17:25 Жаңыланды: 06.02.2019 18:25 На русском

Балдарын күйөөсүнө таштап, 2 айдан бери дайынсыз жоголгон Айперинин дареги табылды

Turmush -  Дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы Айпери Табакалованын жашаган жери аныкталды. Буга чейин Өзгөн районунун Куршаб айылынын 49 жаштагы тургуну Абдраим Бердикеев жубайы 2 айдан бери дайынсыз жоголгонун айтып чыккан.

Бүгүн, 6-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев аталган келиндин жашаган жери белгилүү болгонун билдирди.

«Изделип жаткан келиндин жашаган жери аныкталды. Буга чейин анын күйөөсү жубайынын жоголгондугу боюнча бизге кайрылган эмес. Бул келин Ош шаарында жашап жатыптыр. Анын дареги бирдиктүү рейдде аныкталганын шаардык милициядан маалымдашты», - деди Аширбаев.

А.Бердикеев: «Жубайым 2018-жылдын 8-декабрында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген жок. Экөөбүздүн эки уулубуз бар, азыр балдарымды өзүм багып жатам. Айпери 1991-жылы төрөлгөн», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×