Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуӨзгөн району 07.02.2019 09:51

Чечебай айылынын элин таза суу менен камсыздоо үчүн 8,3 млн сом бөлүндү

Turmush -  Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чечебай айылынын эли быйыл таза суу менен камсыз болот. Таза сууну булактан тартып келүү иштеринин 60 пайызы жыйынтыкталганын айыл өкмөттүн башысы Тынчтыкбек Садыков билдирди.

Анын айтымында, айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 млн 300 миң сом бөлүнгөн.

«Өткөн жылы 5 чакырым алысттагы булактан суу тартылып, резервуар курулган. Кыш мезгилине байланыштуу учурда иш токтоп турат. Күн жылыгандан тарта иш башталат. Быйыл бул айылдын эли таза суу менен камсыз болот», - деди ал.

Аталган айылда 120 кожолук бар. Ал эми Алтын-Булак айыл өкмөтүндө жалпы 6 айыл болсо, анын ичинен 4 айыл таза суу менен толук камсыздалган. Алтын-Булак 79% дотацияда турган айыл өкмөт болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×