Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 07.02.2019 09:53 На русском

Өзгөндүн базарындагы бычакташуу сотко чейин жетти

Turmush -  Өзгөн райондук соту 19 жаштагы Бактиярга (А.Б.М., ысымы өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында болжол менен саат 15:30 чамасында Өзгөн шаарындагы базардан Гүлжигитти ( А.Г., ысымы өзгөртүлдү) бычактаганы үчүн жоопко тартылган. Айыпталуучунун айтымында, ошол күнү базардан Гүлжигит менен мушташа кетип, бир нече жолу ага бычак сайган. Жабырлануучу Бактиярды кечиргенин айтканы менен, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бактияр күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Судья бул жазаны шарттуу деп эсептеп, 1 жыл сыноо мөөнөтү белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×