Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуНоокат району 07.02.2019 11:11

Ноокатта жүндү кайра иштетүүчү цех ачылып, 30 адам жумуш менен камсыз болду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 7-февраль күнү Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндө жүндү кайра иштетүүчү цех ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Шухрат Гафаров билдирди.

Анын айтымында, цехтин имараты буга чейин кампа болчу.

«Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүндү. Учурда күндүзгү жана түнкү кезметте 15тен адам иштеп, жалпы 30 адам иш менен камсыз болду. Цехке жүндү аталган айыл өкмөттүн жашоочуларынан гана сатып алып, даяр продукцияны базарга алып чыгабыз», - деди Шухрат Гафаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×