Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуКара-Суу району 07.02.2019 11:48 На русском

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жаштары спирт ичимдигинин сатылышына каршы (сүрөт, видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-февраль күнү Кара-Суу районунун Кызыл-суу айыл өкмөтүндө «Спирт ичимдиктеринин сатылышына каршыбыз» аталышында акция өттү. Иш-чараны жаштар демилгелегенин айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Бекболот Каныбек уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 400дөй жашоочу, имамдар, милиция кызматкерлери катышты. Айылдагы имамдар спирт ичимдиги жакшылыкка алып барбай турганын айтып, жаштарды ысырапкерчиликтен, алкоголдук ичимдиктен алыс болууга чакырды.

Андан соң жаштар ар кандай чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп айылды кыдырып, соода күркөлөрүнө кирип чыгышты. Бир айдан кийин ар бир айылдын аксакалдарынан комиссия түзүлөт. Алар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×