Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 07.02.2019 18:24 На русском

Кара-Кулжада жолбун иттер 12 койду тиштеп өлтүрдү (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жолбун иттер 12 койду өлтүрүп, 20 койду талап кетишти. Бул тууралуу Тоготой айылынын тургуну Бейшен Назаров билдирди.

Анын айтымында, жолбун иттер 3 күндө 12 койду өлтүргөн.

«Тоготой айылында жолбун иттер көп. 3 күн мурун бир короого кирип, 6 койду тиштеп өлтүрүшкөн. Кечээ, 6-февраль күнү дагы 6 койду өлтүрүп, 10 койго кол салган. Жалпы 20дай койду талап кетишкен. Кечээ 4 итти кубалап, бирин атып салышыптыр. Иттерди атууга жергиликтүү тургундардын ок-дарылары жок», - деди ал.

Жашоочулар учурда Тоготой айылында 40тай жолбун ит бар экенин кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×