Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 08.02.2019 09:01 На русском

Ош ШИИБ Ош шаарындагы мыкты мекеме аталды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 7-февралда Ош шаарынын мэриясында шаардагы мекеме-ишканалардын социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жалпы коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Жыйында шаардын 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жана алдыда аткарылуучу иш-чаралар талкууланды. Жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «2018-жылдын мыкты мекемеси» деп табылды. Наамды жана 10 миң сом акчалай сыйлыкты шаардын вице-мэри Саибжан Турдуев Ош ШИИБдин башчысы Муратбек Бороновго тапшырды.

Буга чейин Муратбек Боронов жетектеген Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ИИМдин сынагында 2-орунду камсыз кылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×