Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 08.02.2019 13:11

Кара-Кулжада койлорго кол салган иттерди жок кылып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда малга кол салган иттер жолбун иттер болгон эмес. Бул тууралуу Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Шайырбек Рахманберди уулу билдирди.

Анын айтымында, 7-февралда эртең менен саат 06:00 чамасында аталган айыл өкмөттүн Тоготой айылынын тургуну Кыймат Базарованын короосуна 4 ит кирип, алгач 3 койду тиштеп өлтүрүп, жеп кеткен. Андан сырткары 10 койду тиштеп жарадар кылышкан. Ошол учурда айылдагы мергенчи иттерди кууп, 1 итти атып өлтүргөн. Бүгүн тирүү калган үч иттин бири атылды.

«Тактап айтканда, иттердин ээлери табылып, чала жан болгон койлор далил катары көрсөтүлүп жатат. Койлорго 4 ит кол салган, тирүү калган 2 итти атуу иштери улантылат», - деди ал.

Ал эми Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Кулжа районундагы аңчы адиси Абдикарим Ибраимовдун айтымында, 7-феврал күнү Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой айылында жолбун иттер майда малга кол салган. Бул окуя боюнча департаментке арыз түшкөн эмес.

«Негизи буга чейин аталган айыл өкмөттүн өкүлдөрүнө жолбун иттерди атуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары карышкырларды атуу боюнча Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан буйрук чыгып, айыл өкмөттөргө милдеттендирилген. Ал эми жолбун иттерди атуу аңчы адистердин милдетине кирбейт. Башкача айтканда, айыл ичиндеги жолбун иттерди атуу үчүн айыл өкмөт тарабынан атайын тендер өткөрүлүп, тендерден утуп алган мергенчи гана иттерди ата алат. Анын негизинде ар бир атылган иттин башына мамлекет тарабынан акча каражаты төлөнөт», - деди ал.

----------------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Кара-Кулжа районунда жолбун иттер 12 койду өлтүрүп, 20 койду талап кетишкенин Тоготой айылынын тургуну Бейшен Назаров билдирген.

Анын айтымында, жолбун иттер 3 күндө 12 койду өлтүргөн.

«Тоготой айылында жолбун иттер көп. 3 күн мурун бир короого кирип, 6 койду тиштеп өлтүрүшкөн. Кечээ, 6-февраль күнү дагы 6 койду өлтүрүп, 10 койго кол салган. Жалпы 20дай койду талап кетишкен. Кечээ 4 итти кубалап, бирин атып салышыптыр. Иттерди атууга жергиликтүү тургундардын ок-дарылары жок», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×