Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Озгон 08.02.2019 13:41

Өз кызын зордуктоого шектүү адам камакта калтырылды. Өспүрүм 6 айлык кош бойлуу

Turmush -  Өзгөн районунда өз кызын зордуктоого шектелген адам 2 айга камакта калтырылды. Учурда 14 жаштагы кыз 6 айлык кош бойлуу.

Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 161-берененин (зордуктоо) негизинде кылмыш иш козголду. Өзгөн райондук соту тарабынан шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынды.

Учурда кош бойлуу кыз социалдык педагогдордун жана психологдордун көзөмөлүндө.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз окуган мектепке барып келишкен.

Мектептин директору Муктаржан Насыровдун айтымында, окуучусу орто баага окуп, сабактарды калтырбай барып жүргөн.

«Ал кыз кошуна айылдан каттап, 3 чакырым жол жүрөт. Мүнөзү оор, орто окуган кыз эле. Акыркы күндөргө чейин андан эч кандай өзгөрүүлөрдү байкаган жокпуз. Сабактарга убагында келип жүргөн. Ата-энелер чогулушуна атасы катышчу (апасы көз жумган). Акыркы учурда мектепке келбей калганынан класс жетекчиси үйүнө барып кабар алганда ал ооруп жатканын айткан экен. Андан кийин эле ушул көрүнүш болуп кетти», - деген Муктаржан Насыров.

Ал эми кош бойлуу кыздын класс жетекчиси Гүлнура Касымбекова окуучу кыздын мектепке кийгенге кышкы кийимдери да жок болгонун айткан.

«Сабактарга келип эле жүргөн. Акыркы учурларда келбей калганынан үйүнө бардым. Ал кышкы бут кийими жана башка жылуу кийимдери жок экенин айтты. Классташтары менен сүйлөшүп, жылуу кийим алууга жардам бердик. Бул окуя тууралуу мени милиция бөлүмүнө чакырышкандан кийин уктум. Окуянын чын же жалган экенин билүү үчүн өзү менен сүйлөштүм. Ал чындап эле окуя дал ошондой болгонун айтып берди. Июнь айынан бери бул окуя уланып келгенин жана атасы "бирөөгө ооз ачсаң өлтүрөм" деп коркутуп жүргөнүн айтты», - деген Гүлнура Касымбекова.

Мектеп директору өспүрүм кыз бир тууган агалары менен чогуу жашабаганын билдирген. Ал эми айыл өкмөттүн социалдык коргоо бөлүмүнүн адиси Абдималик Мырзаев 5 бир тууган бир үйдө жашап келгенин жана алар аз камсыз үй-бүлө экенин белгилеген.

«Алар аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турат. Мамлекет тарабынан эч кандай жөлөк пул алышпайт. Айыл өкмөт тарабынан көмүр жана акчалай жардам бергенбиз. Негизи кыз 5 бир тууган, эки агасы жана эки иниси бар. Жабырлануучу кыз атасы менен бир үйдө жашаган. Учурда анын инилери Өзгөн районундагы балдар жатак интернатына өткөрүлүп берилди. Атасы психикалык оору менен ооруп жүргөнү белгилүү. Учурда биздин айыл өкмөттө каттоодо турат», - деген Абдималик Мырзаев.

Ошол эле айылдагы ФАПтын кызматкеринин айтымында, өспүрүм кыз медициналык кароодон өткөндөн кийин гана кош бойлуу экени белгилүү болгон.

«Окуя болгон айылда медайым болуп иштейм. Ал кызды жакшы тааныйм, экөөбүз жакшы сүйлөшчүбүз. Үй-бүлөсүнүн абалын да жакшы билчүмүн. Ошондой болсо да ал кыз мага буга чейин окуя тууралуу айтпаганы өкүндүрөт. Курсагы чоңоюп, бала 26 жумалык болуп кетиптир. Курсагы билинип калганынан этек кири качан келгенин сурасам "билбейм" деп жооп берди. Ичин кармап көрсөм катуу болуп, аны дарыгерге алып бардым. Ошол жерден боюнда бар экени аныкталды. Каттоого алып, милицияга кабар бердик. Өзүнүн айтымында бул окуя жаздан бери уланып келе жатыптыр», - деген медайым.

Өспүрүм кызды мугалимдери орто баага окуганын айтса, «Ак жүрөк» кризистик борборунун Оштогу жетекчиси Дарика Асилбекова ал сабатсыз экенин жана жаза албай тургандыгын белгилеген

«Тилекке каршы мындай көрүнүш жылдан жылга өсүп бара жатат. 2018-жылы 12ден ашык кыз сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган. Болгондо да алар жакындары тарабынан зордукталгандар болуп жатат. Алар 15 жашка толо элек өспүрүм кыздар. Мындай кыздардын көпчүлүгүнүн энеси жок. Ошондой эле кызынын жашоосуна кайдыгер караган энелер да себеп болууда.

Ал кыз учурда дарыгерлер жана психологдордун көзөмөлүндө. Оорулуу бала төрөлүп калбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Өспүрүм чындыгында өз атасы зордуктаганын, атасынан башка адам тийбегенин айтты», - деген Дарика Асилбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×