Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуКара-Суу району 08.02.2019 14:18 На русском

Кызматынан убактылуу бошотулган Наримандын башчысынын диплому боюнча Жогорку сот чечим чыгарды

Turmush -  Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулган Улукбек Рахмановдун диплому боюнча Жогорку соттун чечими чыкты. Бул тууралуу Улукбек Рахманов өзү билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот Ош шаардык соту менен Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарды.

«Жогорку соттун чечими 30-январь күнү чыкты. Ош шаардык соту менен облустук соттун чечими жокко чыгарылып, иш кайра кароо үчүн жөнөтүлдү. Азырынча кайсы сотко жөнөтүлгөнү белгисиз», - деди Рахманов.

-----------------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Улукбек Рахмановдун диплому боюнча чыр чыгып, иш сотко жеткен. Анда Ош шаардык соту Рахмановдун дипломун жараксыз деп тапкан. Ал эми Ош облустук соту шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган болчу.

2018-жылы 24-декабрь күнү Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында 200гө жакын адам нааразычылык билдирип чыгышкан. Алар Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахмановду кызматынан кетүүсүн талап кылышкан болчу.

Ошондой эле алар аталган айыл өкмөт башчысы жерди капчыктууларга гана берерин белгилешкен. Ал эми Улукбек Рахманов айтылган сөздөргө макул эмес. Ал бул иштерди эл өз эрки менен эмес, айыл өкмөткө кызыкчылыгы бар адамдын кийлигишүүсү менен жасалып жаткандыгын билдирген.

«Мен да мыйзамда эмне жазылганын билем. Менин бир эле башым бар. Эгер мен мыйзам бузсам, камалып кетеримди билем. Булар ар кимден "айыл өкмөт башчы жерди сатып жатыптыр" деген сөздөрдү угуп алышыптыр. 2009-жылы сугат жерлерди тартып берүүгө тыюу салынган. Азыр бизде трансформациядан өткөн жер бар. Бирок аны 2011-жылы ошол кездеги айылдык кеңеш сугат жер катары токтом чыгарып коюптур. Эми өкмөттүн токтому келе элек. Келсе мен да жер бермекмин. Бул иштердин баарын жеке кызыкчылыгы бар адамдар уюштуруп жатат», - деген Рахманов.

Кийнчерээк Улукбек Рахманов кызматынан убактылуу четтетилгенин райондук администрациядан билдиришкен болчу. Ал 24-декабрь күнү Кара-Суу райондук прокуратурасынын сунушу менен кызматынан убактылуу бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×