Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусу, Ош 08.02.2019 15:14 На русском

Туристтерди кабыл алууга даярдык: Ош шаарындагы маданий жайлар оңдолот (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы маданий жайлар оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ош шаарында өткөн «Ош шаары — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы жыйында айтылды.

Жыйынга президенттин кеңешчиси Султан Раев, Маданият, маалымат жана туризм минстринин орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук маданий борбордун башкы директору Жумакадыр Курмангазиев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышты.

Шаардагы маданий борборлор оңдоп-түзөөдөн өтүп, чет мамлекеттен келген туристтерге шарт түзүлөт. Мисалы, Сулайман-Тоо, борбордук базар, борбордук стадион жана калаадагы мейманканалардын шарттары жакшыртылат. Маданият, маалымат жана туризм минстринин орун басары Кайрат Иманалиевдин айтымында, быйылкы жылы бир топ маданий иш-чаралар Ош шаарында өтмөкчү.

«Ош шаарынын маданият борбору аталгандыгы биз үчүн чоң жоопкерчилик. Ошондуктан быйыл бир топ мамлекеттик деңгээлдеги маданий иш-чаралар Ош шаарында өтөт. Эл аралык театр фестивалын өткөрөлү деп турабыз. Түрк тилдүү мамлекеттер бизге эң мыкты деген спектаклдерин алып келип, чоң майрам уюштурабыз. Кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалын да Ош шаарында өткөрүүнү ойлонуп жатабыз. Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн, акындардын эл аралык сынактары, жолугушуулары өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин окумуштуулары катышкан Оштун байыркы тарыхый баалуулугун изилдеген эл аралык илимий форумдар, жыйындар пландаштырылып жатат. Сулайман-Тоо боюнча да эл аралык иш-чаралар болуп өтөт», - деди Кайрат Иманалиев.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадырбековдун айтымында, 20дай иш-чара, эл аралык деңгээлдеги маданий, спорттук, илимий жыйындар болору күтүлүүдө.

«Быйыл көп туристтер келет деп күтүп жатабыз. Буга карата иш пландары бекитилген. Туристтик объектерди, ашкана, мейманканалар жана спорттук, маданий борборлорубузду оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүбүз керек. Буйруса туристтерди жогорку деңгээлде тосуп алабыз деген ишеничтебиз. Оңдоо иштерине канча каражат бөлүнөрүн азырынча так айта албайм», - деди Нурбек Кадырбеков.

Буга чейин Ош шаары 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланганы маалымдалган. Мындай чечим 2018-жылы 18-декабрь күнү Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган болчу.

Аталган уюм тарабынан буга чейин 2014-жыл – Токтогул Сатылганов жылы, 2016-жыл – Жусуп Баласагын жылы, 2018-жыл – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×