Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусу, Ош 08.02.2019 16:21 На русском

Оштогу айдоочулар: Окуучулардын жол акыга берген 1 сому эмгекти актабай жатат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы окуучулар кичи автобустарга жол кире акысына 1 сомдон төлөшөт. Бирок айдоочулар айрым учурларда окуучуларды салбай кетишет. Мындан улам жашоочулар окуучулардын жол кире акысын 3 сомго көтөрүп, суукта балдардын көчөдө калуусун алдын алса болорун айтышат.

Шаар тургундарынын айтымында, жол акы маселесин чечүү керек. Кичи автобустарга отурган окуучулар жон баштыктары менен башка жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан айдоочулар окуучуларды унаага салбаганга аракет жасашат. Жол акынын көтөрүлүшү көп балалуу ата-энелер үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бирок жол акысынын көбөйүшү менен айдоочу да кайдыгер болбой, балдарды жолдо калтырбай турганын белгилешти.

Жашоочулардын бири Айпери Калмуратова: Биз деле абдан кыйналдык. Балдарыбызды эртең менен өзүбүз кичи автобустарга салып жөнөтөбүз. Жол акыны 3 сом кылып коюшса, окуучуларды маршруттук каттамдар үзгүлтүксүз алып кетет беле», - деди.

Ал эми №107 маршруттук каттамдын жетекчиси Каныбек Орозов окуучулардын жол акы катары берген 1 сому айдоочулардын эмгегин актабай турганын билдирди.

«Окуучулардын жол акысын көтөрүү маселеси көп жылдан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Шаардык кеңештин депутаттары карап чыгууну убадалашып, бирок жооп болгон жок. Окуучулардын жол акысын 5 сомго көтөрүп коюшса аларды айдоочулар көчөдө калтырбай, алып кетмек. Шаар тургундарына кайрылып кетет элем. Кичи автобуска аялдамалардан отуруп, кайра аялдамадан түшүшсө жакшы болмок. Учурда тургундар өзү каалаган жерден токтотуп, эгер айдоочу токтобосо жетекчиликке даттанууну адат кылып алышты. Ар бир каттамдын жетекчилери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга кол койдуруп алганбыз. Эгер алар окуучуларды албай өтүп кетишсе же башка эрежени бузушса, жумуштан 2-3 күнгө бошотулат», - деди Орозов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×