Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуӨзгөн району 08.02.2019 18:11 На русском

Ош ОИИБдеги кадр алмашуулар

Милиция
Милиция

Turmush -  Милициянын полковниги Таалайбек Болтаев Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Кадрдык өзгөрүүлөр болгонун Ош ОИИБден тастыкташты.

Таалайбек Болтаев буга чейин Ички иштер министрлигине караштуу уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү аймактар аралык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Ал эми Өзгөн РИИБди буга чейин жетектеген Кеңешбек Рахманов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин Ош ОИИБдин жетекчисинин орун басары кызматын Ибраимов Санжарбек Сейитакунович ээлеген.




Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×