Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуКара-Суу району 09.02.2019 09:49 На русском

Бөрүлүү мезгил: Кара-Суудагы аңчылар малга кол салган карышкырды жок кылышты (сүрөт, видео)

Turmush -  Кечээ, 8-февралда Кара-Суу районунун Папан айылында малга кол салган карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Суу районундагы аңчысы Мирлан Малаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы мезгилде бардык эле аймактарда күндүн сууктугуна байланыштуу карышкырлар айылдарга түшүп, короодогу малга кол салууда. Буга байланыштуу ар бир аймакта атайын мергенчилер тобу түзүлүп, карышкырларды атуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×