Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуАлай району 30.11.-0001 00:00 Жаңыланды: 09.02.2019 18:40

Бөрүлүү мезгил: Алайдагы тургундар 3 карышкырды жок кылышты (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда 3 карышкыр атылып жок кылынды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Алай районундагы аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, 6-февраль күнү Биринчи май айылында 2 карышкыр атылган. Ал эми бүгүн, 9-февраль күнү Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылында 1 карышкыр жок кылынды.

«Карышкырлар кышкы сууктан улам короодогу малга кол салып келишкен. Жергиликтүү тургундар ууга чыгып, 3 карышкырды атып алышты. Учурда карышкыр атуу иштери улантылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×