Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусу, Ош 11.02.2019 11:06 На русском

Сүрөт, видео: Ошто «Хонда» менен кагышкан кичи автобустун терезесинен окуучу ыргып кетти

Turmush -  Ош шаарынын Масалиев проспектиси менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинде эки унаа кагышты. Окуя бүгүн, 11-февралда саат 08:20 чамасында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа каршы багытта бара жаткан «Мерседес Спринтерди» капталынан сүзгөн. Кагылышуудан улам кичи автобуста бара жаткан окуучу айнектен ыргып кеткен. Кырсыктан кийин 4 окуучу ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алышты. Алар катуу коркуп калган, учурда абалдары жакшы. Терезеден ыргып кеткен окуучу да дарыгерлерден жардам алгандан кийин ооруканадан чыгарылды. Жүргүнчү ташуучу унаадагылардын көпчүлүгү окуучулар болгон.

Ал эми «Хонда Стрим» унаасынын алдыңкы дөңгөлөгү чыгып кеткен. Унаа катуу ылдамдыкта бара жаткандыктан 100 метрдей жүрүп барып, каршы тилкеге өтүп токтогон. Кичи автобустун дөңгөлөгү жарылып, токтоп калган.

Бул кырсык боюнча Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×